Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет


Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилет.

Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгону 26-апрелде кабарланды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, 1941-1945-жылдардагы согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына карата согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сомдон берилет:

- Согуштун майыптары;
- Согуштун катышуучулары;
- Фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга.

Жеңиш күнүнө карата быйыл Кыргызстанда 41 адам бир жолку материалдык жардам алат. Аны төлөөгө президенттин фондунан 4 млн 141 миң сом бөлүнөт.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согушту 41 ардагери калды. Былтыр алардын саны 68 болчу.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG