Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Бир мандаттуу Баткен шайлоо округунда 81 добушкана ачылды


Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.
Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.

Бир мандаттуу №2 Баткен округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды. Шайлоо аймагында 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат. Бул округдан 10 талапкер ат салышып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 31 жарандан алдын ала, шайлоо участкасынын сырткары добуш берүү тууралуу арыз түшкөн жана 29у добуш берген.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, коомдук көзөмөлдү 300гө чукул милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.

Мунун алдында ички иштер министри Улан Ниязбеков добуш берүү күнү мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскерткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы февраль айында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында бул округдан шайланып келген Нурлан Ражабалиевди өзү жазган арыздын негизинде мандаттан ажыраткан.

Ражабалиев 2021-жылдын баында “коррупция” беренеси менен соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 миллион, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 миң сом төгүп берген жана кийин соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG