Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Тажик бийлиги жарандарды зарыл болбосо Орусияга барбай турууга чакырды


Учурда орус күч органдары айрым тажик мигранттарын аэрпорттон эле киргизбей койгон, чек арадан өткөрбөгөн учурлар болуп жатат.
Учурда орус күч органдары айрым тажик мигранттарын аэрпорттон эле киргизбей койгон, чек арадан өткөрбөгөн учурлар болуп жатат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды Орусияга барбай турууга чакырды. Мекеменин сайтында 27-апрелде жарыяланган билдирүүдө өтө зарыл, чукул гана иш чыкса баруу керектиги жазылган.

Буга чейин укук коргоочулар Москвадагы «Крокус сити» борборундагы кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга каршы маанай күчөгөнүн, текшерүү көбөйгөнүн билдирип келген.

Кыргызстандын ТИМи дагы дагы өтө зарыл иш болбосо Орусияга барбай туруу керектигин эскерткен. Учурда орус күч органдары айрым мигранттарды аэрпорттон эле киргизбей койгон, чек арадан өтө албай калган учурлар катталып жатат.

Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияга 650 миңден ашык адам кеткен. Бул өлкөдө тажик мигранттары саны жагынан Өзбекстандан кийинки экинчи орунда турат.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG