Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

БШК: үч округда саат 10.00гө карата шайлоочулардын 3% добуш берди


Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.
Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч шайлоо округунда саат 10.00гө карата добуш бергендер тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Баткен шайлоо окуругунда 3649 адам (2,25%), Ош округунда 4075 адам (3,25) жана Кара-Суу округунда 3295 шайлоочу (2,94%) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылды. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулду жана шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Баткен округунда 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 30дай талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.


Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG