Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:58

Украина төрт облусу Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

Соңку суткада Орусиянын артиллериялык жана минометтук чабуулдарынан Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарында кеминде жети киши жараат алганын бүгүн, 29-апрелде Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Сумы облусу да аткыланганы, жалпысынан бул облуста кечээтен бери 127 жарылуу болгону кабарланды.

Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, фронтто соңку суткада 131 жерде кагылышуу болду.

Бир күн мурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, Орусия фронттун бардык тилкелеринде чабуулдарын активдештиргенин, айрым багыттарда алар тактикалык ийгиликке жетишип жатканын билдирген.

«Покров жана Курахов багыттарында абал эң оор, ал жакта айыгышкан кармаш жүрүүдө», – деди ал.

Германияда 27-апрелде киши колдуу болгон эки украиналык жаран аскер кызматкери экенин, алар немис ооруканасында медициналык реабилитациядан өтүп жатканын Украинанын Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Бул кылмыш үчүн 57 жаштагы киши кармалганы, ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG