Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Орусияда дагы эки журналист камакка алынды


Орусия.
Орусия.

Орусияда көз каранды эмес ЖМКга (жалпыга маалымдоо каражаттары) басым күчөп, дагы эки журналист кармалды. 28-апрелде Мурманск облустук сотунун чечими менен журналист Сергей Карелин камакка алынды, аны полиция 26-апрелде кармап кеткен.

Карелинге экстремизм деген айып тагылды. Тергөөчүлөр ал маркум оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду (ФБК) менен кызматташкан, "Навальный LIVE" Youtube-каналы үчүн видео тартып жүргөн деген күнөө коюп жатышат.

2021-жылы Орусия бийлиги Коррупцияга каршы күрөшүү фондун экстремисттик уюм деп жарыялаган.

41 жаштагы Карелин - видеожурналист жана оператор. Буга чейин ал Associated Press жана Deutsche Welle менен да иштешкен.

Бир күн мурда Москвада журналист жана продюсер Константин Габов кармалганы белгилүү болгон. Аны да "Навальный LIVE" менен кызматташкан деп айыптап жатышат.

Буга чейин ушундай эле айыптоо менен SotaVision журналисти Антонина Фаворская кармалган.

"Холод" басылмасынын эсебинде, ФБК менен кызматташкан деп Орусияда 50дөн ашуун киши айыпталууда, алардын 18и соттолду, чет өлкөгө качып кетүүгө үлгүргөн 19у сыртынан соттолуп, издөө жарыяланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG