Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулуна дагы бир кызмат берилди


Адам Кадыров.
Адам Кадыров.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров 16 жаштагы уулу Адамды Орусиянын атайын бөлүктөр университетинин куратору кылып дайындады. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кабарлап, уулу “университеттин ишмердүүлүгү менен жакшы тааныш экенин жана жүктөлгөн милдетти мыкты аткарарын” билдирди, бирок куратор катары эмне иш аткарарын тактап айткан жок.

«Кавказ.Реалии» билдиргендей, Гудермес шаарындагы Орусиянын атайын бөлүктөр университети деп аталган жай – бул Украинага каршы согушуу үчүн жалданма аскерлерди машыктыруучу база, документинде атуу спорт клубу катары көрсөтүлгөн. Өткөн айда президенттик шайлоо алдында Чеченстан бийлиги бул базага Владимир Путиндин ысымын ыйгарган.

Былтыр 15-августта Адам Кадыров Куранды өрттөөгө айыпталган, кийин 3,5 жылга соттолгон Никита Журавлев аттуу кишини Грозный шаарынын тергөө абагында отурган жеринен ур-токмокко алган, полиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, бирок ошондон кийин ал бир топ сыйлык алды.

Адам Кадыровго «Чеченстандын баатыры» наамы берилди, ал президенттик администрацияда коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды, Татарстан, Карачай-Черкес, Кабардин-Балкар республикаларынын алдындагы кызматы үчүн, Чеченстандын «Даймехкан Сий», «Умма алдындагы кызматы үчүн», «Ислам дин алдындагы кызматы үчүн», «Орусиянын эмгек эрдиги» жана «Орусиянын атайын бөлүктөр университетин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген орден-медалдар ыйгарылды.

Орусия президенти Владимир Путинди толук колдогон, аны сындагандарды өз душманы көргөн Рамзан Кадыровдун уул-кыздары сыйлык-наамдардын түрлөрүн алып келе жатышат.

Быйыл 16-февралда улуу кызы "ДНР" деген орден менен сыйланган. Андан бир нече күн мурда экинчи кызы, 24 жаштагы Хадижат Чеченстандын башчысынын жана өкмөтүнүн администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG