Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөө башталды


Шал оорусуна каршы эмдөө. Иллюстрациялык сүрөт.
Шал оорусуна каршы эмдөө. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда балдарды шал (полиомиелит) оорусуна каршы эмдөө боюнча жалпы улуттук өнөктүк башталганын бүгүн 29-апрелде өлкөнүн «Талибан» башкарган өкмөтү билдирди. Төрт күн ичинде эмдөө Ооганстандын 34 провинциясынын 31инде жүргүзүлөрү, калган үч провинцияда – Гордо, Дайкундиде жана Бамианда нөшөр жаан аяктап, күн жылыганда уюштурулары маалымдалды. Талибдер башкарган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, балдар инфекциялык ооруларга каршы туруктуулугун жакшыртуу үчүн вакцинадан тышкары А витаминин да алышат.

Шал оорусуна каршы өнөктүк Ооганстанда быйыл февраль айында да уюштурулган. 34 провинциянын 26сында беш жашка чейинки курактагы 7,6 миллион баланы камтуу каралып жатканы маалымдалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шараф Заман жергиликтүү дин кызматкерлерин эмдөө жүргүзүп жаткан топтор менен кызматташууга чакырган.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы ата-энелердин көбү балдарын эмдетүүдөн баш тартып келишет.

Полиомиелит адамды шал кылуучу, өлүмгө кептөөчү жугуштуу оору.

Ооганстан жана Пакистан - бул оору толук жоюла элек жалгыз өлкөлөр.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды эмдеп жүргөн дарыгерлер тобу түрдүү кол салууга учураган, өлтүрүлгөн окуялар бул өлкөлөрдө көп катталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG