Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Казакстанда ИИМдин мурдагы жетекчиси Тургумбаев кармалды


Ерлан Тургумбаев.
Ерлан Тургумбаев.

Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 29-апрелде кармалганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда.

“Кылмыш ишинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар камтылгандыктан, сотко чейинки тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылбайт”, - деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ерлан Тургумбаевдин кармалганы тууралуу Казакстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 29-апрелде жазышкан.

Март айында Башкы прокуратура 2022-жылдын Январь окуяларында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылбагандыгы, ошондой эле адамдарды кыйноо фактылары боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Бул иштин алкагында Ерлан Тургумбаев да сурак берип чыккан.

61 жаштагы Эрлан Тургумбаев 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттө өз кызматында калган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аны ошол эле жылы 25-февралда жумуштан алган.

Коңшу өлкөдө 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Бул окуялардан кийин мурдагы бир катар чиновниктер кармалып, абакка кесилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG