Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Былтыр Эмгек министрлиги аркылуу 18 миңден ашуун адам чет өлкөдө жумушка орношту


Түштүк Кореяга иштегени бараткан кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Түштүк Кореяга иштегени бараткан кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 1 150гө жакын киши чет өлкөдө жумушка орношту. Бул тууралуу министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Арслан Байсопуев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы атайын келишимдин негизинде чет мамлекеттерге жумушка жөнөтүлгөндөрдүн саны 18 миң 230 адамдан ашкан.

Маалыматка караганда, былтыр Британия мезгилдүү айыл чарба жумуштарына жалпысынан 8-10 миң жумушчуга квота берсе, Кыргызстан анын 5 200үн гана жөнөтө алган. Атайын келишим менен жумушка жөнөтүлгөндөрдүн саны боюнча кийинки орунда Түркия турат. Былтыр бул өлкөгө 3 100дөн ашуун адам барып иштеп келген. Андан кийин Германия (2 118), Венгрия (1 545) турат. Түштүк Корея кыргыз жарандарына 3 миңдей квота бөлгөнү менен, былтыр бул өлкөгө 453 гана киши жөнөтүлгөн.

Мунун себеби талаптардын жогорулугу экени айтылды. Чет өлкөгө жумушка орношкондордун көбү тейлөө, өндүрүш тармактарында иштейт.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жарандарга жумуш таап берип, чет өлкөгө жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан көп компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт.

Кыргызстан алгачкы жолу Британияга жумушчуларды 2022-жылы жиберген. Бул жылы миңден ашуун адам алты айлык мөөнөт менен айыл чарба жумуштарына барып, иштеп келишкен.

Украинадагы согуш жана эреже-талаптардын катаалдашуусу Орусиядан көптөгөн мигранттарды чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги соңку бир жылда Орусиядан дээрлик 180 миңдей кыргызстандык чыгып кеткенин ырастаган.
(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG