Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

АКШ Орусияга салынган санкциялар боюнча Бишкекте ишкерлерге маалымат берди


Орусияга салынган санкцияларды алдын алуу боюнча Бишкекте өткөн иш-чара.
Орусияга салынган санкцияларды алдын алуу боюнча Бишкекте өткөн иш-чара.

22-24-апрель күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Орусияга салган санкциялары боюнча Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн кызматкерлери менен ишкерлерге маалымат берилгенин билдирди.

Элчилик ал кыргызстандык компаниялар менен банктарды санкцияга илинип калуудан сактай турганын, санкциялар Орусияга эмес, Орусиянын Украинадагы согушуна каршы салынганын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинен Евробиримдиктеги мамлекеттер, Улуу Британия жана АКШ Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизе баштаган. 2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү - финансылык чектөөлөр.

2023-жылы июль айында АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстан менен Орусиядагы ондогон компанияларга жана 18 адамга санкция жарыялаган. Санкцияга туш болгон 120дан ашык ишкананын арасында Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары бар.

АКШнын Каржы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG