Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

АКШ Орусияга каршы санкцияны кеңейтти. Ага Кыргызстандын компаниясы да кирди


Кошмо Штаттар 1-майда Орусияга карата санкциялык тизмесин кеңейтип, ага ондогон адамдарды жана уюмдарды киргизди. Тизмеге орусиялык ири авиакомпаниялардын бири "Победа", аскердик-өнөр жай комплексинин ишмердүүлүгү менен байланышкан компаниялар жана жеке адамдар кирген. Тизме АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Сөз Орусиянын Украинага басып киришинин эки жылдыгына байланыштуу ушул жылдын февраль айынан берки америкалык санкциялардын эң ири пакети жөнүндө болуп жатат.

Санкциялар Түркия менен Кытайдын, ошондой эле Словакия, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Кыргызстандын бир катар компанияларына да киргизилген. АКШ бийликтери аларды Орусияга каршы санкциялык режимди бузду деп айыптоодо. Санкциялардын тизмесине бир катар адамдардын, атап айтканда, Азербайжан менен Беларустун жарандары да кошулушуна экинчи жолку санкциялар себеп болду. Финансы министрлигинин маалымат санкцияларды айланып өтүү үчүн кандайдыр бир жолдорду пайдаланган компаниялардын тизмеси көрсөтүлгөн.

Тизмеге Брюсселде жашаган Виктор Лабин жана анын үй-бүлө мүчөлөрү да кирген. The Insider басылмасы буга чейин алардын ишмердүүлүгү тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Лабин орус аскердик чалгындоо кызматынын кызматкери экени, ал "Еврокомиссиянын жана НАТОнун кеңселеринен бир нече чакырым алыстыкта Брюсселде отурукташкан жана ал жактан орусиялык коргонуу өнөр жайында зарыл болгон координатты өлчөй турган машиналар менен камсыздап турганы" айтылган.

Санкция киргизилген компаниялардын арасында Болхов заводу, Фрязин электр транзистордук заводу, Зеленоград "Протон" заводу, Орусиянын Коргоо министрлигинин 48-изилдөө институту, Брянск автомобиль заводу, Томск электртехника заводу жана ондогон компаниялар бар. Ошондой эле "Нефтегазстрой" жана "ВНИПИгаздобыча" отун-энергетикалык комплексинин ишканалары, 16 кеме киргизилген. Санкциялардын дагы бир блогу орусиялык пахта целлюлозасын жана нитроцеллюлозаны импорттоочуларга, Кытайдан бул товарларды ташыгандарга каршы багытталган. Жалпысынан буга чейин миңден ашык адам жана уюм кирген санкциялык тизме 200дөн ашык позицияга кеңейген.

АКШнын Финансы министрлигинин маалыматында айтылгандай, жаңы санкциялардын максаты - “Орусиянын согуштук машинасынын мүмкүнчүлүгүн бузуу” жана “Кремлдин Украинага каршы мыйзамсыз согушун улантуу үчүн зарыл болгон кирешесин жана жабдууларга жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө”.

Санкциялар аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларына, анын ичинде химиялык жана биологиялык куралдарды жасоого байланышкан ишканаларга киргизилип жатканы белгиленген. Маалыматта өзгөчө кытайлык компаниялардын санкцияларды кыйгап өтүүдөгү ролуна байланыштуу тынчсыздануу белгиленген.

Тизмеге "Рау Фарм", "Интеллер" жана "Био Фарм Трейд" компаниялары жана алардын жетекчилери да киргизилген. Алардын Коргоо министрлигинин 27-илимий борборун жабдуулар жана материалдар менен камсыздоого байланышы бар экени айтылган.

Орусиядагы алдыңкы илимий аскердик-химиялык жана аскердик-биологиялык борбор, ага каршы санкциялар буга чейин "Новичок" уулуу заттарды колдонууга байланыштуу киргизилген.

Мамлекеттик департамент бул ирет санкцияларды орус аскерлери Украинадагы согушта хлорпикрин аттуу химиялык зат колдонгонуна байланыштуу киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG