Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Зеленский коопсуздук боюнча жаңы келишимдер даярдалып жатканын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украина союздаштары менен коопсуздук жаатындагы бир нече жаңы документти даярдап жатканын кезектеги видеокайрылуусунда өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.

«Биз өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн жети жаңы документ даярдап жатабыз. Алар – коопсуздук боюнча эки тараптуу макулдашуулар. Арасында АКШ менен курал-жарак, каржы, саясий кызматташтык багытында түзүлө тургандары да бар. Бүгүн мен командам менен мына ошол документтер боюнча иштедим, алардын айрымдарынын баштапкы тексти даяр болуп калды», - деди ал 1-майда.

Зеленский июнь айында Швейцарияда эл аралык тынчтык саммити өтөрүн, анда да бир катар жолугушуулар болорун кошумчалады.

24-апрелде АКШда Украина үчүн 61 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору дээрлик жарым жылдык талашып-тартышуудан кийин кабыл алынган.

29-апрелде Зеленский НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушууда Орусия Украинанын чыгышындагы чабуулдарын күчөткөнүн, алсыраган жана курал-жарагы жетишсиз украин аскерлери аларга каршы турууга аракет кылып жатканын, андыктан Батыштын жардамы өтө зарыл болуп турганын айткан. Ал бир аз курал-жарак келе баштаганын, бирок армияга жардам берүү үчүн андан да көбүрөөк колдоо талап кылынып жатканын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG