Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Украинадагы дрон чабуулунда 13 жаштагы бала жабыркады


"Шахед" дрону.
"Шахед" дрону.

Украинада 4-майга караган түнү орус армиясынын дрон чабуулунан алты киши жабыркады. Төртөө Харьков, экөө Днепропетровск облустарында экенин жергиликтүү бийлик башчылары маалымдашты.

Харьковдо ооруканага түшкөндөрдүн бири - 13 жаштагы бала, экөө пенсия курагындагы аялдар.

Иран өндүрүшүндөгү "Шахед" жанкечти дрондорунун сыныгы кулаганда Харьковдогу эки кабаттуу кеңсе имараты күйүп кетти. Өрт бак-дарактарга да жабылганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.

Днепропетровск облусунун жетекчиси Сергей Лысак эки адам бейтапканага түшкөнүн маалымдады. Дрон сыныктары банк имаратына, беш үйгө, лицейге тийип, айрымдарында өрт тутанган. Электр энергиясына зыян тийди.

Украинанын армиясы ишембиге караган түнү Орусия 13 дрон, С-300 үлгүсүндөгү төрт ракета учурганын билдирди. Дрондордун баары атып түшүрүлгөн, ракета соккулары тууралуу маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG