Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Манас качан ойгонот?


Кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин "Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу" китебинин англис тилиндеги котормосу.
Кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин "Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу" китебинин англис тилиндеги котормосу.

"Сузактагы кырсык – жөн гана кокустук эмес. Көлөмү жагынан теӊдешсиз, көркөмдүгү жана мазмуну жагынан да таӊ каларлык өзгөчөлүктөрү бар, кылымдар бою муундан муунга мурасталып келген Улуу Сөзгө үстүрт, жеӊил-желпи мамиле кылгандын кесепети ушундай болмок". Адабиятчы Жолдош Турдубаевдин блогу.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Ички биримдиги бекем өз алдынча улут (өлкө, мамлекет) катары сакталып, өнүгүш үчүн экономиканы өнүктүрүп, тышкы саясатты гана ырааттуу жүргүзбөстөн, коомдогу рухий өзгөрүүлөрдү да ийкемдүү, кылдат, ырааттуу жөнгө салып туруу зарыл. Бул бийик мүдөөнү ишке ашыруу үчүн “Манас” баштаган уӊгулуу баалуулуктарга кайрылганыбыз жакшы, албетте. Бирок тереӊ мазмунга эмес, сырткы формага, өзөктүү нукка, келечектүү багытка эмес, утурумдук уу-дууга ашыкча алаксып бараткан жокпузбу?..

Өзөктүү наркка жеӊил-желпи мамиле жарашпайт

Сузактагы кырсык – жөн гана кокустук эмес. Көлөмү жагынан теӊдешсиз, көркөмдүгү жана мазмуну жагынан да таӊ каларлык өзгөчөлүктөрү бар, кылымдар бою муундан муунга мурасталып келген Улуу Сөзгө үстүрт, жеӊил-желпи мамиле кылгандын кесепети ушундай болмок.

Кыргызстандын желеги жана Манастын айкели. Бишкек шаары, 2024-жылдын 8-январы
Кыргызстандын желеги жана Манастын айкели. Бишкек шаары, 2024-жылдын 8-январы

Бул окуя тууралуу Фейсбукта айтылган айрым ойлорду ортого салалы.

Шабдан Сулайманов, акын:
- "Ата, мектепте 1 ай даярдандык, 5 саат "Манас күмбөзү" комплексинде репетиция кылдык, анын баары 5 мүнөттүк эле видео болду”, – деп, 150 чакырым жол жүрүп, чарчап-чаалыгып келди окуучу кызым. Шумдуктуудай патриоттук сезими ойгонуп келгенин деле көрө алганым жок... Анан дагы бир айтаарым, ар кандай агымдарга, ар кандай миссионерлерге Манасты каршы коюу өтө туура эмес. Алар үчүн жөн гана катуу мыйзам керек. Болду, проблема чечилет. "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дейт кыргыз. Ошол балдар кабылган кырсыктан саясат жасап, табалаган, сүйүнгөн, "Манас колдобойт экен" деп жазган маӊкурттарды да көрүп жатам. Анча-мынча кырсык болуп кетти да, мындай иш-чаралар улана бериши керек дегендер да арбын. Ар бириңер өзүңөрдү ошол балдардын ата-энесинин ордуна коюп, анан сүйлөгүлө. Анан жыйынтык чыгаргыла!
- А негизгиси окуучулардын милдети – окуу. Ошол окуу программасын оңдогула. Анчалык Манасты даңазалагыңар келсе, 1-класстан баштап 11-класска чейин Манас сабагын койгула. Анан жөн эле балдарды көчөгө чыгарып, беш куплет жаттатып кыйкырта бергенден пайда жок.

Чыңгыз Урматаалиев:
- Жаш балдар эмес, чоң адамдар, мугалимдер “Манасты” түшүнсө, билим берүүнүн сапаты үчүн жанын үрөп иштебейт беле?
Манас деп төшүн кактырып видеого тартканы менен, түпкүрүндө эч нерсени түшүнбөйт. Эмнени айтып жатканын билбейт.
Баш байгеси 3 млн сомду алыш үчүн балдарды машинанын алдына салып беришти...

Сыймык Ысманалиев:
- Биз уюштурдук, биз өткөрдүк. Ош шаарынан эле 3 миң окуучу чыкты. Элестетип көрүңүз – 3 миң окуучу. Аларды бир темпке түшүрүп, бирдей айттыргыча иттей кыйналдык даярдаган мугалимдер. Анын ичинен сөгүнүп, сагынып, күнөөсү жок окуучуларды урушканыбызды, мугалимдер жай талашып сөзгө келгенибизди айтпаңыз. Бул пропагандалоо эмес эле, ачык эле мажбурлоо го.

Нуржан Найзабекова:
-Негизи ысыкта үч саат Манас айтабыз деп балдар эстерин жоготуп, кулап калган учурлар көп экен.

Айкөлдүн руху колдосун десек...

"Манасты" окутуунун, айтканды үйрөтүүнүн мыкты усулдарын иштеп чыгып, Улуу Сөздүн эң орчундуу жерлерин балдарга терең түшүндүргөн оң. Бул жагынан да уучубуз куру эмес – эл мугалими Бектур Исаковдун “Манас сабагы” бар, мазмуну, ырааты менен иштелип чыккан. Аны ылайыгына карай өзгөртүп, толуктап, азыркы технологияларга таянуу менен пайдалана берсе болот. Андан тышкары эң мыкты сабак иштелмеси, эң таасирдүү жеке аткаруу, сахналаштыруу, эң кызыктуу чечмелген дил баян, сүрөт, анимация ж.б. өзүнчө байгелер коюлган конкурстарды уюштуруу керек.

Утурумдук уу-дууга, сандык көрсөткүчтөргө, курулай шаңданган атаандаштыкка алаксыбай, мазмундуу, таасирдүү, баланын жан дүйнөсүнө өмүр бою дем-күч, рухий гүлазык болгудай абдан кызыктуу сабак берүү керек. Тилекке каршы, адабият сабагы деле начар окутулат көбүнчө. Ошондуктан балдардын көркөм табити өспөй, Сөз касиетин сезбей, инсан катары жетилбей арабөк (маргинал) катмарды гана калыңдатып калууда. Эгер "Манас" да ушундай "өтүлсө", анда теңирден тескери натыйжага апкелет. Ошондуктан сабакка бөлүнө турган саат санын эмес, биринчи кезекте анын методикалык камсыздалышын жана мугалимдердин даярдалышын көңүлдө тутуу зарыл.

"Манас" айтуу боюнча сынактын катышуучулары. (Сүрөт Aziz Biymyrza Uulu Фейсбук баракчасынан алынды)
"Манас" айтуу боюнча сынактын катышуучулары. (Сүрөт Aziz Biymyrza Uulu Фейсбук баракчасынан алынды)

“Манасты” жакшы билүү, түшүнүү үчүн соӊку кездерде Шайырбек Абдрахман чечмелеп баяндаган роликтерди да пайдаланууга болот.
“Манасты” хор түрүндө, болгондо да миӊдеген балдарды чогултуп айттырган жарыштарды токтотуп эле коюш керек. Үстүрт караганда, кээ бирөөлөргө өтө таасирдүү көрүнүшү мүмкүн, бирок машакаты ашыкча. Балдар менен мугалимдер үчүн оор жүк, убарагерчилик.
Дегеле "Манасты" хор түрүндө айттырган туура эмес. Анан ар кандай салтанаттуу иш-чараларга балдарды тирүүлөй декорация катары пайдаланууга да тыюу салыш керек.

Башка тилдерге болсо сапаттуу которуп, текстти эле окутуу, терең маанисин түшүндүрүү керек. "Манастын" обонуна салганда интонация, чет тилдин ыргак туура келбей, жөн гана ызы-чуу болуп калат. Айрыкча хор түрүндө айттырганда.

Манастын руху – бул ар бир элдин, анын ичинен кыргыздардын да насилиндеги адилеттикти жактаган касиет. Ырас, өзүмчүлдүк, карөзгөйлүк, кекчилдик, ач көздүк сыяктуу өксүктөр дээрлик бардык адамдарда кездешет. Бирок дал ушул кара кылды как жарган калыстыкка болгон муктаждыкты баамдап, ага өзгөчө көӊүл буруубуз керек. Анткени бул мүнөзү, тили, диний же башка көз карашы ар түрдүү келген адамдарды, элдерди бийик мүдөөгө бириктирип, мыкты жактарын өнүктүрө турган, пенденин бүлдүрүүчү эмес, түзүүчү дареметин арттыруучу негизги күч экенин “Манаска” үстүрт карабай, тереӊ түшүнүүгө аракет кылганда көрөбүз.

Башкасын айтпаганда деле, “таарынсаӊ, Таласка бар” деген кеп – башка элдердин Манастын айкөл пейилине, калыстыгына тартылып, кыргыз улутуна кошулганынан кабар берген бир мисал.

Манастын руху – бул адамзаттын рухий космосуна Айтматов болуп чыга келген жаркын жылдыз. Залкардын “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу абдан мазмундуу макаласын ар бир адабият мугалими окуп, андагы идеяларды жетик түшүнүп алышы зарыл. Анткени “Манасты” Айтматовдун деӊгээлинде тереӊ түшүнгөндөр жокко эсе.
Манастын руху – бул бүгүнкү “устаранын мизинде оодарылган” заманда Адамзаттын улуу көчүнөн четке сүрүлүп калбоо үчүн улутубузду сактап, өнүктүрүүнүн жаӊы мүмкүнчүлүктөрү.

Ушул ыӊгайдан алганда, “Манастагы” бийлик тизгинин элдин колунан чыгарбай кармаган нарктуулук (демократия), сөз эркиндиги, укук (актык) ж.б.у.с. баалуулук башаттарын көрсөтүп берген манасчы Самат Көчөрбаевдин да бир сабагын мугалимдер билип алса жакшы болмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG