Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Жапаров Баш мыйзамдын ченемдерин аткаруу керектигин айтты


5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 31 жыл толду. Президент Садыр Жапаров бул датага байланыштуу элге куттуктоо жолдоп, Конституцияны барктоого чакырды.

"Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел",- деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда. Анын тексти президенттин сайтына жарыяланды.


СССР урагандан кийин эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Бул аралыкта Конституция бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде болгон. Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон. Ошентип Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болгон.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG