Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

"Газаны уранды, бомбадан тазалоого 14 жыл кетет"


Газа шаары. 3-май, 2024-жыл
Газа шаары. 3-май, 2024-жыл

Газадагы согуш жетинчи айга аяк басты. Израил тилкени аткылап жаткан чакта газалыктар эпидемиялардын жайылуу коркунучуна туш болду. Ал арада Катарда ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Бирок бул жолу да тараптар мунасага келе алабы деген суроо ачык калууда.

Газада инфекция жайылып жатат

Жекшембиге караган түнү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары кайрадан аткыланды. Рейтер тараткан маалыматта каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Бул калаа орун алган аймакка анклавдын түндүк жана борбордук бөлүктөрүнөн бир миллиондон ашуун киши жер которуп келген. Бирок алар Рафах дагы эбак эле кооптуу болуп калганын айтышат.

Рафах шаары. 27-февраль, 2024-жыл
Рафах шаары. 27-февраль, 2024-жыл

Күндүн жылышы менен газалыктарды дагы бир апааттын коркунучу тооруду.

Коммуналдык тейлөө системасы талкалаган шартта качкындар жыш жайгашкан лагерлерде таштандылар топтолуп, саркынды суу айлананы булгап жатат. Мунун арты менен жугуштуу оорулар жайылганын Дейр ал-Балахтагы оорукананын кызматкери Абдул Рахман Абу Амра айтып берди:

“Албетте, суу булганып жатат. Эл киринип, жуунуп, жашаган жерлерин тазалоо үчүн ошол сууну пайдаланат. Мунун баары котурга, башка тери илдеттерине алып келди. Кир сууну ичкенде же кээ бир азыктарды таза эмес сууга жууганда кооптуу ичеги-карын инфекциялары, балдар арасында ич өткөк тарайт. Анын үстүнө эл көп. Канализациянын тазаланбай калышы гепатит А, башка вирустук ооруларга шарт тузүүдө”.

Аткыланып, бомбаланган шаарларда да таштандылар үйүлгөн бойдон турат. Ошондой жайга жакын жашаган Абу Мохамед үй-бүлөсүнүн саламаттыгына кооптонгонун Рейтердин кабарчысына кеп салып берди:

“Бул көчө ээн болчу. Жергиликтүү бийлик жакшы иштечү. Бирок согуш, агрессия башталганда алар өз ишин токтотту. Ушул акыр-чикир оорулардын тарашына өбөлгө түзүүдө. Балдарыбыз мурда көрбөгөн илдеттерден жабыркап жатышат: эттери кычышып, бүдүр-бүдүр кызамык чыгып. Азыр эле ооруканадан кайтып келдим. Менин баламдай болуп дене табы көтөрүлгөндөр көп экен. Дарыгер буга таштандылар, жердин, абанын булганышы себеп экенин айтты”.

Рафах, 30-апрель, 2024-жыл
Рафах, 30-апрель, 2024-жыл

Рейтер агенттиги жазгандай, гуманитардык уюмдар калктын көбү таза сууга жетпей, санитардык кызматтар алгылыктуу иш алып бара албаганын февралда эле эскертишкен. Газада сууну тазалоочу системалардын баары токтоп турат.

26-апрелде БУУ тилкедеги урандылар 37 миллион тоннага жеткенин, эл жыш жашаган конуштарда канча жарылбай калган дурмөттөр менен бомба бар экенин аныктоо мүмкүн эместигин билдирген.

Уюмдун миналарга каршы кызматынын расмий өкулү Пер Ладхаммердин айтымында, Газанын ар бир чарчы метрине 200 килограммга жакын уранды-сыныктар туура келет, анклавды тазалоо үчүн 14 жылдай керек.

Катарда ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрү уланууда

7-майда Израил ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) радикал тобуна каршы согуш баштаганына жети ай болот. Куралдуу жаңжал согушкерлер Израилдин шаар-кыштактарына чабуул койгондо тутанган. Ошондо 1200 киши каза тапкан, 252 кишини барымтага алып кетишкен. Алардын 100дөн көбү кое берилип, бир нечеси набыт болгон, калгандары жоочулардын колунда кала берүүдө.

ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруш 34 мин 600дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн кыйганын, 77 минден көбү жараат алганын ишембиде билдирди.

Ошол эле күнү ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн кезектиги айлампасы башталды. Рейтер ХАМАСтын расмий адамдарына таянып кабарлагандай, Катарга АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (CIA ) башчысы да барат. Египеттеги булактар Уильям Бөрнс жума күнү Каирге келгенин маалымдашкан. Бирок америкалык атайын кызмат жетекчисинин сапарын комментарийлөөдөн баш тартты.

Би-Би-Си тараткан маалыматка караганда, бул ирет согуштук аракеттерди 40 күнгө токтотуу каралууда. Убактылуу жарашуу маалында барымтадагылар жана Израилдин абактарында отурган палестиналыктар бошотулмакчы.

ХАМАС Израил урушту токтотуу милдеттенмесин алганда гана келишимге макул болорун айтып келет. Ал эми каршы тарап Газадагы радикал топ менен мындан ары да күрөшөрүн кайталоодо.

Haaretz гезити жазгандай, Израилдин расмий өкүлү алардын позициясы өзгөрбөгөнүн, барымтадагыларды бошотуу үчүн согушту токтотууга бийлик макул болбосун кыйытты.

Барымтадагыларды бошотуу талабын койгон акция. Тель-Авив, 4-май, 2024-жыл
Барымтадагыларды бошотуу талабын койгон акция. Тель-Авив, 4-май, 2024-жыл

4-майда Тел-Авивде хамасчылар кармап турган адамдарды бошотууну талап кылган кезектеги демонстрация өттү. Катышкандардын бири Ли Шигелдин бир тууганы жети айдан бери барымтада отурат:

“Ишемби сайын кечинде, башка күндөрдө да жүрүшкө чыгып келатам. Макулдашууга абдан жакындадык. ХАМАС “ооба” деген жообун берет. Израил ошого жараша аракеттенип, алдыга жылабыз. Кейт үйгө кайтып келет, калган туткундар да үйлөрүнө кайтып барышат”.

Ал арада ишембиде Берлинде Палестинаны колдогон демонстрацияга 1300дөй киши чогулганын жергиликтүү полиция билдирди. Андан бир күн мурда Гумболд университетинде жек көрүүгө жем таштаган сөздөр жаңырганда бир нече киши кармалганы кабарланган.

АКШнын ондогон жогорку окуу жайларында студенттер Газадагы согушка нааразылыгын билдирип, президент Жо Байденди кан төгүүгө чекит коюу үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырып келатышат.

Палестинаны колдоо акциялары Франция, Швейцариянын университеттирине да жайылды. 4-майда Кубада жана Иорданияда америкалык студенттерге тилектештик билдирген демонстрациялар өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG