Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

FT: Орусия Европада диверсия даярдап жатышы мүмкүн деп эскертилди


Берлиндеги курал заводдогу өрт. 3-май, 2024-жыл
Берлиндеги курал заводдогу өрт. 3-май, 2024-жыл

Европалык атайын кызматтар Батыш менен жаңжалдашуу жолуна түшкөн Орусия Европада диверсия даярдап жатышы мүмкүн деп эскертишүүдө. Бул тууралуу Financial Times (FT) гезити жазды.

Чалгынчылардын маалыматына ылайык, Москва ортомчулар аркылуу жана өз алдынча жардыруу, өрт коюу жана инфраструктурага залака тийгизүүнү жигердүү даярдап жатат. Мындай ою менен асыресе Германиянын Конституцияны коргоо мекемесинин башчысы Томас Халденванг бөлуштү. Анын алдында Баварияда немис жана орус жарандары германиялык аскерлерге жана логистикалык жайларга кол салууга шектелип кармалган.

Басылма апрелдин аягында Британияда эки киши Украинага багытталган гуманитардык жүк сакталган кампага өрт койгону үчүн айыпталганын эске салат. Британ прокурорлору алардын Орусия менен байланышы бар деп эсептешет. Швеция жана Чехиянын атайын кызматтары темир жолдордогу бир нече адисти териштирип жатышат. Болжол менен аларды да Орусия менен байланыштырса болот. Франциянын Коргоо министрлиги жергиликтүү аскердик жайларда орусиялык диверсиялардын ыктымалдыгын эскертти.

Гезит менен маектешкен адистердин бири Орусия Европага жалган маалымат таратуу, диверсия жана хакердик чабуулдар менен басым кылууну көздөгөнүн айтты.

Макалада мындан улам европалык чалгындоо кызматтары жогорку даярдыкта иштеп жатышканы баяндалат. Материал жарыяланар алдында Уэлсте ок-дары чыгарган заводдо жана Берлиндеги Diehl курал компаниясынын ишканасында өрт чыккан. Экөө тең украин армиясы үчүн курал даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG