Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Бразилияда ташкын кеминде 66 кишинин өмүрүн алды


Порту-Алегри шаары. 4-май, 2024-жыл
Порту-Алегри шаары. 4-май, 2024-жыл

Жекшембиде Бразилиянын түштүгүндө суу ташкындан жана жер көчкүдөн куткаруу иши уланды. Жаратылыш кырсыгы бери дегенде 66 кишинин өмүрүн алды, 80 минден ашууну үйлөрүн таштап, коопсуз жерлерге көчүүгө аргасыз болду. 101 киши дайынсыз болуп жатканы кабарланды.

1,4 миллион калктуу Порту-Алегри шаарынын көчөлөрү өзөндөргө айланды, турак жайлар дээрлик толугу менен суу астында калды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, калааны аралап өткөн Гуайба дарыясы рекорддук 5,3 метрге көтөрүлдү. 1941-жылкы кыйратуучу ташкын маалында суу 4,76 метрге жеткен.

5-майда эртең менен жаан-чачын уланганы, дарыялар мындан ары да кирип жатканы кабарланды.

Жарандык коргоо агенттиги бир миллиондон ашуун киши таза суусуз калганын, 15 миндей киши убактылуу жайларга жайгаштырылганын билдирди.

Бразилиянын өкмөтү кырсыктын кесепеттерин жоюуга миллиондогон каражат керек болорун айтууда.

Өлкө бийлиги жана адистер мындай көрүнүшкө Жердин глобалдык ысышы менен Эль-Ниньо деген кубулуштун аралашуусу алып келди деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG