Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Путин Кыргызстандын элчисин Достук ордени менен сыйлады


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Гүлнара Клара-Саматты жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди "Достук" ордени менен сыйлады. Документ Орусиянын укуктук актылар порталында жарыяланды.

Сыйлыктар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн тапшырылганы белгиленген.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ошондон бери элчинин ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган.

Бир топ сындардан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG