Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Бишкекте маңзат, синтетикалык кошулмалар табылган түнкү клуб жабылды


ИИМ тарткан сүрөт.
ИИМ тарткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын бири жабылганын билдирди. Маалыматка караганда, түнкү клубда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андагы коноктордун арасында баңги заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныкталган.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн - түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылып, алынды. Алар республиканын жогорку окуу жайларында окутуучу-ыктыярчы болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Баңгизатын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилген. Алар синтетикалык баңгизатын колдонгондорун ачык айтышкан.

Клубдун администраторлоруна, тейлөө кызматкерлерине жана конокторуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алынган заттар Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү.

4-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге маңзаттарга байланыштуу эскертүү берген. Ал акыркы кездери рейддердин алкагында түнкү клубдарда маңзаттары табылганын, көбү синтетикалык кошулмалар экенин билдирген. Ташиев баңги заттарынын кайсыл гана түрү болбосун түнкү клубдарга алып кирүүгө, сатууга жол берилбей турганын эскерткен. Мындай учурлар катталса, клуб иштеткендерге жана ээлерине мыйзамдуу чара көрүлөрүн кошумчалаган.

УКМК бир апта мурун Бишкекте наркы 500 миң долларга бааланган ири көлөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG