Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстанда бир жылда майнингден 93 млн сом салык түштү


Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.
Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.

2023-жылдын 12 айында Кыргызстандын республикалык бюджетине майнингден 93 млн 730,8 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин былтыркы жылкы бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү жаңы отчётунда маалымдалат.

Бюджет бекитилген маалда аталган категориядан бюджетке 10 млн сом салык түшөт деп пландалган. Бюджет такталган соң бул багыттагы киреше 85 млн сомдон ашары эсептелип чыккан.

Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси былтыры 357 млрд 746 млн 87,8 миң сомду түзгөн. Мунун 266 млрд 82 млн сомдон ашыгыраагы салыктык киреше катары көрсөтүлгөн.

2023-жылдын июлунда “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" билдирген. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген.

Казакстандын энергетика министрлиги 2024-жылдын мартындагы өз түшүндүрмөсүндө алар токту Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерге сатышарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирген.

Мындан кийин Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар электр энергиясын Казакстандан эмес, Орусиядан сатып алып жатканын айткан. Ал өз интервьюсунда Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда катталган майнинг фермалардын саны 31ге жеткенин кеп кылган. Анын айтымында, ошол күнгө карата мунун сегизи иштеп жаткан. Министр билдиргендей, иштеп жаткан майнинг фермалардын бирөө электр энергиясын Орусиядан алып жатса, калганы жеке менчик чакан гидро электр станциялардын кызматынан пайдаланууда.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG