Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Талаштуу "Георгий тасмасы" өнөктүгү Бишкекте да уюштурулду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

"Русский дом" уюму Бишкекте талаштуу "Георгий тасмасы" өнөктүгүн баштаганын жарыялады. Акция Тажикстанда, Болгарияда, Түркияда, Каирде, Тунисте да уюштурулганы айтылат уюмдун Телеграмда тараткан маалыматында.

Орусиянын "Русский дом" уюму - "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Федералдык агенттигинин маданий борбору деп сыпатталат. Анын филиалдары чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да ишмердик жүргүзөт.

9-май - Жеңиш майрамынын алдында өткөрүлүп келаткан бул өнөктүк акыркы жылдары бир катар нааразылыктарга себеп болууда.

Кара жана ток сары түстөрдөн турган Георгий тасмасы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин символу катары 2000-жылдын ортосунан тарта пайдаланыла баштап, иш жүзүндө Кремлдин саясатына лоялдуулук деп каралып калган. Аны Украинанын чыгышы - Донбасстагы жикчилдер өз символуна айландырган.

Андан тышкары бул тасма падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары да мүнөздөлүп, акыркы он жылдай убакыттан бери бир катар мамлекеттерде аны тагууга тыюу салынган.

Кыргызстанда 2015-жылы өкмөттүк комиссиянын чечими менен Георгий тасмасынын ордуна кызыл-сары түстөгү Жеңиш тасмасы киргизилген. Бирок Георгий тасмасына тыюу салынган эмес. Жарандык активисттер андан баш тартууга үндөп келишет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG