Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Газа: Бернс Катарда “чукул” сүйлөшүү жүргүзөт


Уильям Бернс.
Уильям Бернс.

Газада атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр бүгүн 6-майда да уланарын AFP агенттиги өз булактарына таянып жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани менен ортомчулук аракеттер тууралуу “чукул” сүйлөшүү жүргүзөт.

Газа маселесине байланыштуу Израил 5-майда катарлык “ал-Жазира” телеканалынын бул өлкөдөгү көрсөтүүлөрүнө бөгөт койду. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун министрлер кабинетинин мындай чечим кабыл алуусуна аталган телеканал “улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат” деген жүйө негиз болгону маалымдалды. Жергиликтүү спутник жана кабелдик телекөрсөтүү провайдерлери өкмөттүн чечиминен кийин “ал-Жазиранын” программаларын көрсөтүүнү токтотту.

Катар өкмөтү каржылаган, Израилдин Газадагы операциясын сындаган “ал-Жазира” телеканалы Израилдин бул кадамын “кылмыштуу аракет” деп атап, эч кимге коркунуч жаратпаганын билдирди.

5-майда Газанын «Керем Шалом» көзөмөл-өткөрмө бекетине жасалган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун бөлүктөрүнүн бири алды. Израил бул чабуул Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынан жасалганын, үч аскери каза болгонун билдирди.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG