Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Тажикстанда сел каптаган аймактарда үч киши каза болду


Тажикстан. 2024-жылдын 5-майы.
Тажикстан. 2024-жылдын 5-майы.

Тажикстанда соңку эки күндөн бери тынбай жааган жамгырдан кийинки сел үч кишинин өмүрүн алганын бүгүн 6-майда Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетине таянып «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Сел бир катар райондордо жүргөнү, суу көптөгөн үйлөрдү, эгин талааларын каптаганы, жолдорду жана көпүрөлөрдү жууп кеткени маалымдалды.

Варзоб районунда 5-майга караган түнү 40 жана 67 жаштагы эки аял, ошол эле күнү Согд облусунун Истаравшан шаарына караштуу айылда мал жайып жүргөн 20 жаштагы келин сел суусу агызып кетип каза тапты.

Кооптуу абал Согд, Хатлон облустарында, Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда жана борбор калаа Дүйшөмбүнүн чет жакасындагы райондордо түзүлгөнү кабарланды.

«Озоди» радиосуна жергиликтүү тургундар жөнөткөн видеолордон ылай суу үйлөрдү, жолдорду жана короолорду каптап жатканын көрүүгө болот.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында да сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган.

Кыргызстанда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 20-23-апрелде нөшөр жаандан улам 1092 турак жайды суу каптап, эки адам каза болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG