Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Насыянын дыйкандарга жогорку үстөк менен берилиши сынга алынды


Парламенттин жыйындарынын бири
Парламенттин жыйындарынын бири

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 6-майдагы жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу талкууланып жаткан учурда дыйкандарга берилчү насыянын үстөк пайызы суроо жаратты. Анын 8-12% менен берилип жатканы сынга кабылды. Эл өкүлү Кубанычбек Самаков Айыл чарба министрлигин "мамлекеттик банктардын коммерциялык кызыкчылыкты коргоп жатасыңар" деп сындады.

"Эмне үчүн элге 12% менен берилет? Мамлекеттик банктардын коммерциялык кызыкчылыгын коргоп жатасыңар. Бул жерде дыйкандар тууралуу сөз болуп жатат. Анда силерге карабай эле коммерциялык банктардан өздөрү алсын да. Бул жерде кандай жардам болуп жатат?", - деди Самаков.

Ушул эле маселени эл өкүлдөрү Нуржигит Кадырбеков, Улан Примов дагы көтөрдү.

Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев мында Финансы министрлигинин чыгымы 3%, банктардын чыгымы 5% экенин белгилеп, ошондон улам 8 пайыз чыгып жатканын белгиледи.

Жыйындагы маалыматка караганда, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион АКШ долларын бөлөт. Насыянын мөөнөтү 32 жыл болсо, алгачкы сегиз жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Насыя бул убакыт аралыгында 1% менен, андан соң 1,5% менен төлөнөт. Аталган банктан алынган каражат ишкерлерге коммерциялык банктар аркылуу сом менен 12% чен өлчөмүндө берилет. Доллар менен алынган насыянын 1,5% үлүшү сом менен эсептегенде 8% барабар болору айтылды.

Депутаттар насыяны берчү банктардын өкүлдөрү келбегенин сынга алып алышты.

Буга чейин насыянын 36 миллиону айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталары белгиленген. Калган 4 миллион доллар долбоорду ишке ашыруу үчүн эксперттерди жалдоого, окутууга, келишимдерди түзүүгө жумшалат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG