Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:53

Төрт айда 115 жаратылыш кырсыгы катталды, 3900дөй үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт


Сел каптаган турак үй.
Сел каптаган турак үй.

Кыргызстанда жыл башынан бери 115 жаратылыш кырсыгы катталды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, анын чыгымы 68,6 млн сомду түздү. Кырсыктын басымдуу бөлүгү - сел жана суу каптоолор. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы тогуз өзгөчө кырдаал жана 109 табигый кырсык, сел, суу каптоо катталып, чыгым 40 млн сомдон ашкан.

Маалыматка караганда, учурда 3900гө жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Алардын 2,5 миңге чукулу мамлекеттен жардам, жер алып, көчкөн эмес.

"Ал убакта 200 миң сомдон ссуда берилчү экен, жер тилкелери дагы каралган. Бирок жер берүү, инфратүзүмдү даярдап, элди көчүрүү жергиликтүү бийликтин мойнунда. Үймө-үй кирип, эскертмелерди берип чыккан, алар "өзүбүз жооптуубуз" деген тил кат дагы жазып берген учурлар бар. Көбү тоолуу райондордо, турмуш-тиричилигине байланыштуу жана ата-бабабыздын жеринен кетпейбиз деп тил кат жазып беришет", - деди министрдин орун басары.

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. 6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан. Арстанбапта жер көчкү жүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG