Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Израил Рафахтын чек арага жакын тилкесиндеги жай тургундарды башка жакка кетүүгө чакырды


Рафах. 2024-жылдын февралы.
Рафах. 2024-жылдын февралы.

Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Рафах шаарынын Израил менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө чакырды. Бүгүн 6-майдагы билдирүүсүндө ЦАХАЛ аларды Рафахтан эвакуация болууга, гуманитардык зонасы кененирээк Ал-Маваси жана Хан-Юнис райондоруна барууга үндөдү.

"Бул кеңейтилген гуманитардык зонада көчмө госпиталдар, чатырлар жана көбүрөөк азык-түлүк, суу, дары-дармек бар", - деп айтылды билдирүүдө.

Кайрылууда, ошону менен катар, Газанын бүткүл аймагында ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы аракеттер барымтадагылардын баары бошотулмайынча улана берери белгиленди.

The Times of Israel басылмасы Израилдин Рафахтын тургундарына мындай кайрылуусу бул аймакка чабуулга даярданып жатканына байланыштуу болушу ыктымал экенин жазды.

Быйыл февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлерге Рафахтагы жай тургундарды эвакуациялоо планын иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин, ошондон кийин ЦАХАЛ бул шаарды ХАМАСтын согушкерлеринен тазалоого киришерин билдирген. Нетаньяху Рафахта жана анын чет жакасында ХАМАСтын төрт батальону бар экенин маалымдаган.

АКШ администрациясы Израил өкмөтүн Рафахта аскердик операция баштабоого, палестин жай тургундарынын коопсуздугун ойлоого чакырган. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден ЦАХАЛдын Газадагы жооп операциясын “ашкере” деп мүнөздөгөн.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG