Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:20

Алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдоду


Улгайган ата-энелерди багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды.

7-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аталган документти карап, биринчи окууда жактырды.

Сөз “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору жөнүндө болууда. Анын автору - депутат Тазабек Икрамов.

Ал ата-энесин багуудан баш тарткан жана алимент төлөөдөн качкандарды коомдук жумуштарга тартуу же айып пул менен жазалоону сунуштап жатат.

Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт. 2023-жылы балага чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан.

Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган.

Ал эми улгайган адамдардын жалпы абалы, жумушу, жакындарынын, коомдун мамилеси тууралуу Улуттук статистика комитети 2017-жылы чоң изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 1,5% зомбулуктун кандайдыр бир түрүнө дуушар болушканын белгилешкен. Алар басмырлоонун экономикалык, эмоционалдык жана кайдыгер, көңүл сыртында калтырган түрлөрүнө кабылышарын айтышкан. Арасында тааныштарынын, кошуна-колоңдорунун кемсинтүүсүнө, басынтуусуна туш болгондор бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG