Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

7-май: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, прокурор жазуучу Олжобай Шакирге жети жыл жаза сурады


Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл
Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл

7-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады

Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкен. "Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче. аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган", - деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жаракат алгандар жок. Чек ара кызматы бир тажик жараны бутуна жаракат алгандыгы тууралуу такталбаган маалымат барлыгын кошумчалады. Бул окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болору күтүлүүдө. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу экени кабарланды.

Биосфералык аймактарда геологиялык чалгындоого жана кен иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Документ тиешелүү мыйзамдарга “биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Министрлер кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн” деген беренени да киргизүүнү камтыйт. “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдын колдонуудагы редакциясы боюнча, бул аймактардын катарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү, жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси, туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси жана башка жайларды камтыган зоналар кирет. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. Мындан сырткары өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу, 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 63 убактылуу корук (заказник) бар.

Прокурор соттон жазуучу Олжобай Шакирди жети жылга эркинен ажыратууну сурады

Жазуучунун адвокаты Бакыт Автандил уулу иштин материалдарында эч кандай видео далил жок экенин, башка видеонун негизинде эксперттик корутунду чыгарылганын айтышты. Алар ошондой эле мурдагыдай эле Шакирдин күнөөсү жоктугун кайталап, аны актап, камактан чыгарууну соттон өтүнүштү. Апрелдеги отурумдан чыгып баратып Шакир “өзүнүн онлайн митинг өткөрүү ниети мамлекетке, коомго зыян келтире турган идея болбогонун” ал “агрессиянын жактоочусу эмес” экенин “Азаттыкка” билдирген. Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес.

Жалал-Абаддын Жүзүмжан айылынан жер көчкү коркунучунан улам 10 үй-бүлө көчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча кооптуу аймактарда 3900гө жакын тургун жашайт. Алардын миңден ашууну Жалал-Абад облусунун аймагында турат. Кыргызстанда жыл башынан бери 115 жаратылыш кырсыгы катталып, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, анын чыгымы 68,6 млн сомду түзгөнүн 6-майда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирген.

Жогорку Кеңештин комитети алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу тууралуу мыйзамды колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети улгайган ата-энелерди багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. Депутат Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан баш тарткан жана алимент төлөөдөн качкандарды коомдук жумуштарга тартуу же айып пул менен жазалоону сунуштады. Расмий эсеп боюнча учурда Кыргызстанда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт. 2023-жылы балага чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашканын айтты. Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган.

Украина эки облусу Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди

Днепропетров жана Сумы облустарында бир адам набыт кетип, сегиз киши жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Днепропетров облусунун Никополь шаары эртең менен артиллериялык жана дрон чабуулуна кабылды, жергиликтүү тургундар арасынан улгайган бир аялга сынык тийип, ал ооруканага жаткырылды. Сумы облусунда жергиликтүү полициянын маалыматына караганда жалпысынан 224 жолу сокку урулду, бир кишинин өмүрү кыйылды, беш киши, арасында эки жаш бала жараат алды, үйлөр, автомашиналар талкаланды. Бул облустун аймагына жасалган чабуулдан кечээ жогорку чыңалуудагы электр подстанциясы кыйраган. Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 5,4 миңдей абонент электр жарыгысыз отурат. Донецк облусунда 45 миң, Запорожьеде 3,8 миң, Николаевде 27,4 миң жана Черниговдо 4,2 миң абонент жарыксыз калды.

"Озоди": Орусиядан кийин Казакстан да тажик мигранттарын текшерүүнү күчөттү

Тажикстандык мигранттарды текшерүү, кармоо жана депортациялоо Казакстанда да күчөгөнүн «Азаттык» радиосунун тажик кызматы аларга кайрылган тажик жарандарынын айткандарына таянып жазды. Тажикбийлиги Казакстандын эл аралык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү тууралуу билдирүү таратып, тажик жарандарына бул өлкөгө бардык документтерин текшерип, даярдап, тактагандан кийин барууну эскертти. Казакстан өлкө аймагында иштеген тажикстандык эмгек мигранттарынын саны жагынан Орусиядан кийинки мамлекет. “Озоди” радиосунун маалыматына караганда, 10,5 миңдей тажик жараны орус жергесинде иштейт. Алар негизинен курулуш жана соода тармагында эмгектенет.

Казакстандын ТИМи аялы зомбулукка айыптаган дипломат боюнча териштирүү башталды

Аялына зомбулук көрсөткөн деп шектелген, Казакстандын Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчиликтин кеңешчиси Сакен Мамаш боюнча териштирүү жүрүп жатат. Өзүн Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш деп тааныштырган келиндин видеосу «НеМолчи.kz» фондунун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган. Анда ал 10 жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна, сексуалдык, экономикалык, эмоционалдык зомбулугуна кабылып келатканын айткан. Бул жолу да өзүн жана конокко барган эжесин ур-токмокко алганын айткан келин мамлекеттен жардам сурап, «мен кооптуу абалдамын, балдарым да коркунучта» деп билдирген. Келиндин бети-башы көк ала болгон сүрөттөрү жарыяланган. Сакен Мамаш эч кандай маалымат бере элек.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG