Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

Улуттук банк жыл башынан бери валюта базарынан 91 млн доллар сатып алды


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 7-майда валюта базарынан 17 миллион 700 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 91 миллион 300 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 88 сом 56 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 88 сом 50 тыйындан сатып алынып, 89 сом 30 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG