Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:21

Ошто кургак учукту дарылаган оорукананын жамааты нааразылыкка чыкты


Оштогу Кургак учукка каршы облустар аралык балдар жана өспүрүмдөр ооруканасынын жамааты 8-майда нааразылык акциясына чыгышты. Алар ооруканага тиешелүү жерге көп кабаттуу үй салуу аракети болуп жатканын айтып, ага каршы экенин билдиришти.

Оорукананы убактылуу башкарып жаткан Санабар Ражапованын айтымында, оорукананын жанына медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жай куруларын 6-майда министр Алымкадыр Бейшеналиев барганда маалымдаган.

Ошондой эле акцияга чыккан дарыгерлер министр балдар бейтапканасын чоңдордун ооруканасына кошуу планы тууралуу айтканын, андай болсо жашыл аймак кыскарып кетерин кошумчалашты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова оорукананын аймагына үй салынат деген чечим жоктугун, азырынча турак жай салуу үчүн жер каралып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал аталган бейтапкананын аймагындагы жерди дагы адистер карап чыкканын, бирок курулуш баштоо чечими кабыл алынбаганын белгиледи. Ал эми чоңдор жана балдар ооруканасын кошуу аракети медицина тармагындагы реформанын алкагындагы жумуш экенин, анын медкызматкерлерини жумушуна залакасы тийбей турганын айтты.

Оштогу 70 орундуу оорукананын аянты 7 гектардан ашат, ичинде кургак учук менен жабыркаган балдарга билим бере турган мектеп да бар. Ооруканада 80 кызматкер эмгектенет.(DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG