Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

Медиа: АКШ Израилге бомба жөнөтүүнү убактылуу токтотту


Рафах шаары. 8-май 2024-жыл
Рафах шаары. 8-май 2024-жыл

АКШ өткөн аптада Израилди бомба менен камсыздоону убактылуу токтотту.

The New York Times жана Associated Press жазганына караганда, курал Рафах шаарына каршы операцияда колдонулушу мүмкүн деп, 3,5 миңдей бомба берилген жок. Маалымат каражаттары маектешкен булактар билдиргендей, Вашингтон болочокто курал-жарак, анын ичинде каршы тараптын объектилерин аныктаган комплекстерди жөнөтүүнү токтото турууну караштырууда.

Мунун алдында ушундай эле маалыматты Axios сайты таратып, бирок расмий бышыкталган эмес. CNN каналынын булактары куралды бербей туруу чечиминин Рафахтагы операцияга байланышы жок экенин айтышкан.

Вашингтон Тель-Авивге көп жылдан бери аскердик жардам берип келет.

АКШ Израил бийлигин Газанын түштүгүндөгү шаарда жер операциясын жүргүзбөөгө чакырып келатат. Израиль бийлиги ал жерди ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун акыркы таянычы деп атап, согушкерлерди толугу менен жок кылмайынча согушту токтотпой турганын айтууда.

Рафахта тилкенин башка аймактарынан ооп келген бир миллиондон ашуун качкын башкалкалап жүрөт.

7-майда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Египет менен чек арадагы “Рафах” өткөөлүн көзөмөлгө алганын, жер операциясынын жүрүшүндө 20 хамасчы өлтүрүлгөнүн билдирген.

Апта башында ЦАХАЛ “чектелген операция” жүрөрүн айтып, палестиналыктарга Рафахтын айрым бөлүктөрүнөн чыгып кетүүнү эскерткен.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди карапайым элге каршы ашыкча ырайымсыз мамиле кылганы үчүн айыпташууда. Израил армиясы согушкерлердин жайларын гана бутага алганын, алар элди калкан кылып колдонгонун айтып келет.

Куралдуу жаңжал ХАМАС Израилдин шаар-кыштактарына чабуул койгондо тутанган. Ошондо 1200 киши каза тапкан, 252 кишини барымтага алып кетишкен. Алардын 100дөн көбү кое берилип, бир нечеси набыт болгон, калгандары жоочулардын колунда кала берүүдө.

ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги уруш 34 789дан ашуун палестиналыктын өмүрүн кыйганын, көбү жайкын тургундар экенин, 77 минден көбү жараат алганын билдирди.

Гуманитардык уюмдар газалыктар адам чыдагыс шарттарда жашап келатканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG