Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:07

Амстердамда палестиначыл демонстранттар менен полиция кагылышты


Израилдин таламын талашкан демонстранттар палестиначыл студенттер менен кагылышты. Амстердам. 6-май, 2024-жыл
Израилдин таламын талашкан демонстранттар палестиначыл студенттер менен кагылышты. Амстердам. 6-май, 2024-жыл

Нидерланддын башкалаасында шейшембиде палестиначыл демонстранттар менен полиция кагылышты. Андан бир күн мурда Амстердам университетинде тартип коргоочулар Палестинанын таламын талашкан активисттердин лагерин кууп таркатышкан. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Шаар полициясы 7-майда таңга маал бульдозерлер менен тосмолорду сүрдүрүп, 170 кишини кармап кетти. Кечинде полиция бөлүмдөрүндө төрт киши эле калган.

Окуу жайдын мугалимдери менен кызматкерлери полициянын катаал мамилесине нааразылыгын айтып, дагы бир акция өткөрүүгө чакырышты.

"Голландиялык окумуштуулар Палестина үчүн" деп аталган топтун билдирүүсүндө айтылгандай, "студенттер менен кызматкерлер тартип коргоочулар калемпир чачыраткан баллончо, союлдарды колдонуп, демонстранттарга иттерин агытышканын айтышты. Ашыкча күч колдонуудан жараат алгандар бар".

Кызматынан кетип жаткан билим берүү министри Робберт Дейкграаф университтер диалог куруу, талкуу жүргүзүү жайлары экенин, полициянын аралашканы өкүнүчтүү болгонун билдирди.

АКШдан айырмаланып, Европадагы бул өңдүү акциялардын масштабы кеңири эмес деген байкоосун жарыялашты "Рейтердин" кабарчылары. Америкада бир катар университеттерде Газадагы согушка жана Израилдин жогорку окуу жайлары менен алака кылууга каршы акциялар уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG