Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди


Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.

Саясатчы Адахан Мадумаровго карата Биринчи май райондук соту чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алганы тууралуу маалымат 8-майда Мадумаровдун Телеграм- каналына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта жаткан.

Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу менен камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, сот чечимин “жапайычылык” деп баалаган.

Мадумаров Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери кызматын тапшырып, ордуна Исхак Масалиев лидер болуп шайланганы 8-майда белгилүү болду. Аталган фракцияда алты депутат бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG