Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:27

Үч жашар кыздын сабалганы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү


Балдарга каршы зомбулукту айыптаган сүрөт.
Балдарга каршы зомбулукту айыптаган сүрөт.

Чүйдө үч жашар кызды өгөй атасы сабаганы тууралуу маселе 8-майда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Кубанычбек Самаков үй-бүлөдө балдарга жана аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукту токтотуу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде өгөй атасы үч жаштагы кызды катуу сабап, аны ит кепеде түнөөгө мажбурлаганы тууралуу маалымат 4-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан. Кызды анын тууганы тапканы, ооруканада жатканы айтылган. Милиция шектүүнү кармаган. Кыздын денеси көгала экени аныкталган.

8-май күнү адвокат Шердор Абдыкапаров Инстаграмдагы баракчасында кыздын апасы жолдошуна каршы тосмо арыз жазууга камданып жатканын билдирген. Адвокат келин менен телефондогу жазышуусунун сүрөтүн чыгарган.

Депутат Самаков күч жана укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга дыкат көңүл бурууга, мыйзамдардын аткарылышын так көзөмөлдөөгө чакырды. Тийиштүү мыйзамдар бар экенин, алар улам толукталып жатканын белгилеп, мындан ары алардын аткарылышына көзөмөл керектигин кошумчалады. Ал орган өкүлдөрүн, коомдук уюмдардын адистеринин, балдардын, аялдардын укугун коргоп жүргөндөрдү парламентке чакырып, алардын сунуштарын, ойлорун угууга кесиптештерин үндөдү.

24-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.

Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал былтыр 17-ноябрда атайын кызматтын Чүй облусунун Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG