Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:07

Британия Орусиянын аскердик атташесин өлкөдөн чыгарат


Орусиянын Лондондогу элчилиги
Орусиянын Лондондогу элчилиги

Британия Орусиянын Лондондогу элчилигинин аскердик атташесин өлкөдөн чыгарууну, айрым кыймылсыз мүлк объектилерин дипломатиялык деген макамынан ажыратууну жана орусиялык дипломатиялык визалардын мөөнөтүн чектөөнү чечти. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Британиянын ички иштер министри Жеймс Клеверли парламентте сүйлөгөндө бул кадам Орусиянын Британиядагы жана Европадагы "кыянат ишмердигине" жооп катары жасалып жатканын айтты. Лондон атташенин орус аскердик чалгын кызматына тиешеси бар деп эсептейт.

Клеверли Москва сыягы британ бийлигин русофобияга айыптайт деп болжолдоп, Орусияны Украинадан аскерлерин чыгарууга жана "кыянат аракеттерин" токтотууга үндөдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва адекваттуу жооп кайтара турганын билдирди.

Апрелдин аягында Британияда эки киши Украинага багытталган гуманитардык жүк сакталган кампага өрт койгон. Британ прокурорлору алар орус бийлигинин көрсөтмөсү менен аракеттенген деп эсептешет. Москва ал айыптоолорду абсурд деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG