Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту


Жээнбек Кулубаев жана Мухаммад Исхак Дар. Астана, Казакстан. 20-май, 2024-жыл.
Жээнбек Кулубаев жана Мухаммад Исхак Дар. Астана, Казакстан. 20-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.

Жолугушуу 20-майда Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму алкагында өткөнүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Анда тараптар эки өлкөнүн соода алака, инвестиция, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башк тармактардагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

"Өзгөчө көңүл экономикалык дипломатияны, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү жана жогорку деңгээлде визит алмашууга бурулду", - деп жазылган маалыматта.

​Жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери арасында саясий маселелер жана консулдук-укуктук тармак боюнча кеңешмелерди өткөрүү макулдашылды.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Астанадагы жолугушуусу тууралуу Пакистандын тышкы саясат мекемеси да маалымдады. X социалдык тармагына жарыяланган маалыматта жолугушууда тараптар Бишкекте пакистандык студенттер жабыркаган окуяны да талкуулашканы жазылган. Ага ылайык, Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар өлкөнүн башкы милдети - пакистандык жарандардын, өзгөчө башка мамлекеттерде билим алып жаткан студенттердин коопсуздугу жана жыргалчылыгы экенин баса белгилеген. Мохаммад Дар Жээнбек Кулубаевден пакистандык студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну өтүнгөнү жазылган.


Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкекте Пакистандын жарандарына байланыштуу болгон окуяны 19-майда да телефон аркылуу сүйлөшүп, талкуулаган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынды.

Министрликтин маалыматында, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG