Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Девальвация тууралуу кабар элди дүрбөттү


Алматыдагы акча алмаштыруучу жер.
Алматыдагы акча алмаштыруучу жер.

Казакстанда эл арасында теңгенин куну дагы учат экен деген кабар тарады.

Өткөн аптада Halyk Finance брокерлик компаниясынын серепчилеринин "Жыл этегинде бир доллар 210 теңгеге чейин жетиши мүмкүн" деген маалыматы акчасын валютага алмаштыргандардын катарын узартты. Буга карата кечээ Казакстандын Улуттук банкы атайын түшүндүрмө берип, элди кабатыр болбоого чакырды.

Аталган банктын төрагасы Кайрат Келимбетов шейшембинин таңында түшүндүрмө берди. Журналисттердин “казак теңгеси кайрадан девальвацияга дуушар болобу?” деген суроосуна, теңге бери дегенде эле үч жыл туруктуу турат деп сөз берди:

- Мен бир нерсени так айта алам, камтама болууга эч кандай негиз жок. Ушул жылдын февралында жасалган күчтүү валюталык корректировкалар туруктуу негиз болуп бере алат. Ошондогу теңгенин 170тен 188ге чейинки коридору учурдагы жана алдыда күтүлүп жаткан дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен кабыл алынган. Анын ичинде Орусияга каршы санкциялар, мунайдын арзандашы, Украина кризисине байланышкан экономикалык өзгөрүүлөр баары эсепке алынган. Бул цифралар бери дегенде эле үч жылга багытталган. Ошондуктан азыр көпчүлүктү кыжаалат кылып жаткан девальвация болобу деген суроого мен дагы кайталап кетет элем, ошол февралда кабыл алынган коридор, туруктуу запас болуп бере алат.

Казакстан Улуттук банк төрагасы Кайрат Келимбетов 2014-жылдын февраль айындагы пресс-жыйында
Казакстан Улуттук банк төрагасы Кайрат Келимбетов 2014-жылдын февраль айындагы пресс-жыйында

Кайрат Келимбетов учурда куну түшүп жаткан орус рубли менен мунай баасынын арзандоосу да теңге наркына таасири жок деп белгиледи.

Келимбетов соңку күндөрү кээ бир экономисттердин девальвация болот деген божомолдорун четке кагып, журналисттерди элдин эсин чыгарган кеңештерден, туура эмес маалыматтарды таратуудан алыс болууга үндөдү.

Өткөн аптада Halyk Finance брокерлик компаниясынын серепчилери жыл этегинде бир доллар 210 теңгеге чейин жетиши мүмкүн деген маалымат тараткан. Кийинчерээк бул божомолдор тууралуу материал компаниянын веб-сайтынан алынып салынган.

20-октябрда Казакстан фондулук биржасында теңге/доллар валюта катышы менен бир күндө жасалган соода көлөмү 1 миллиард 300 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул соңку эки айда жасалган эң жогорку көрсөткүч.

11-февралда Казакстан улуттук банкы теңгенин долларга болгон жаңы баасын 185 теңге чегинде кылып белгилеген эле.

Девальвация болгондон бери теңгенин долларга болгон баасы 182-183 теңге аралыгында турукталды.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG