Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

“Кыргызалтындын” тегерегиндеги нааразылык басаңдабай жатат


Тогуз-Торо районунда буга чейин өткөн митингдерде алтын концерндин жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Акция уюштуруучуларынын жүйөсүндө ишкана райондун элинин социалдык абалын унутта калтырган. Ал эми “Кыргызалтындын” жетекчилиги алардын дооматтарын негизсиз деп айтышууда.

Тогуз-Торо районунда буга чейин “Кыргызалтындын” ишмердигине нааразы болгон жашоочулары бир катар митингдерди өткөрүшкөн. Анда алар ишкананын учурдагы президенти Алмазбек Жакыповду кызматтан четтетүүнү талап кылышып, “Макмалалтын” комбинатынан райондун социалдык абалын оңдоого жакшы көңүл бөлүнбөй жаткандыгын белгилешип, президент Роза Отунбаевага кат жолдошкон.

-Биз көптөн бери акцияга чыгып “Кыргызалтындын” жетекчисин кетирүүнү талап кылып жатабыз. Себеби ал бир да жолу Тогуз-Торого келип элдин социалдык абалы менен таанышкан жок. Менин өзүмдүн бул жерде эч кандай кызыкчылыгым жок. Элдин жашоосун айтып жатам. Эртең комбинат жабылып калса кандай болот. Жолубузду, инфаструктурабызды ким оңдоп берет,-дейт райондун жашоочусу Адамкалый Түмөнбаев.

Райондун калкынын бир тарабы минтип нааразылыгын билдирип жатат. Ал эми экинчи тарап болсо бул митинге чыккандардын башында өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар турат деген пикирлерин айтышууда. Жакында эле Тогуз-Торо районунун 157 тургуну президентке кат жолдоп “Макмал” алтын иштетүүчү комбинаттын башчысы Алмаз Жакыповго ишеним көрсөтүп, аны кызматтан алабыз деген күчтөргө каршы пикирин билдиришти.

“Кыргызалтындын” жетекчилиги буга чейин өткөн митингдерде коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин, нааразылык акциясын буларга каршы күчтөр уюштуруп жатканын белгилешүүдө.

Ишкананын башкаруу кеңешинин жетекчисинин орун басары Дилгер Жапаров “Алмазбек Жакыповду иштен кетсин деген талаптар мыйзамсыз” дейт:

-Бул акциялардын артында беш-алты киши турат. Алардын бул жерде өз кызыкчылыгы бар. Өздөрүно жаккан адамды жетекчилике алып келүүнү көздөшүүдө. Негизинен ишканынын акциясынын 100 % мамлекетке тиешелүү. Мамлекеттик мүлк министрлиги, ошондой эле директорлор кеңеши ишканынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турат. Эгер азыркы жетекчибиз иш алып бара албай турган болсо, алар ордунан алып койгонго мүмкүнчүлүктөрү бар. Анда баардыгы мыйзамдуу болмок. Ал эми бул акцияга чыккандардын талабы негизсиз.

“Кыргызалтын” ишканасы 2005-жылды 89 миллион сом чыгаша менен жапкан болсо, 2009-жылда 108 миллион сом киреше табышкан. Ошондой эле өткөн жылы 269 миллион салык түрүндө төгүлсө, мындан беш жыл мурунку салыктын көлөмү 115 миллионго барабар болгон.

Тогуз-Тородогу 23 жылдан бери иштеп жаткан “Макмалалтын” комбинаты долбоор боюнча 10 жылга эсептелген. Учурда болсо ишканада миңден ашуун адам эмгектенет. Ар жыл сайын орточо бир тоннага чейин алтын өндүрүлүп алынчу.

- Элдин айткан дооматтарында деле негиз бар. Бизде бир гана Кумтөр жакшы иштеп жатат. Калгандарында абал начар. Мисалы быйыл “Кыргызалтын” жарым тонна алтын бере албайт. Күнөө бул жалгыз гана “Кыргызалтындын” жетекчисинин эмес, жалпы Кыргызстандагы тоо-кен өнөр-жайында жүргүзүлгөн саясаттын негизи болууда. Негизинен “Кыргызалтын” түзүлгөндө жалпы базасы күчтүү болуп, тоо өнөр-жайын өстүрүү максатын көздөгөн. Буга чейин “Кыргызалтынга” бул тармакта түшүнүгү жок Елисеевди коюп коюшкан. Ал бул ишкананы талкалоонун үстүндө иштеди. Ошондуктан бүгүнкү күндө акыбал оор, - деди тоо-кен өнөр жыйы боюнча адис Орозбек Дүйшеев.

Учурда “Кыргызалтын”ишканасынын тегерегиндеги маселени төрт кишиден турган атайын комиссия иликтеп жатат. Ошол эле маалда райондо митинг өткөргөн тарап, талаптар аткарылбаса нааразылык акциялары улана тургандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG