Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

Президент Баткенде дагы бир район түзүү демилгесин кубаттады


Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.
Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.

Баткен облусундагы кечээки иш сапары учурунда Роза Отунбаева кыргыз-өзбек чегиндеги Бүргөндү өрөөнүндө да болуп, Өзбекстан иштетип жаткан бул жердеги мунай, газ кендерин Кыргызстанга кайтарып алуу, аталган аймакта өз алдынча район түзүү демилгелерин колдоду.

Президенттик бийликке келгенден бери биринчи жолу Баткенде иш сапары менен болгон Роза Отунбаева аймакта ири делинген Теке-Секирик долбоору, аны ишке ашыруу жолдору менен таанышты. Эгер бул долбоор ишке ашса Баткен районундагы 34 миң гектар жер суу менен камсыз болот.

Президент андан ары облус борборунда аймактын активи менен жолугушуп, убактылуу, андан кийинки техникалык өкмөттүн жасап жаткан иштер, алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош, Жалал-Абадда болгон өткөн айдагы кандуу окуяларга да токтолуп, бул аймактардагы абалды мындан ары жөнгөрүү үчүн ЕККУ полициясынын кеңеш берүүчү өкүлдөрүн киргизүүгө байланышкан маселе чырлуу болуп жатканын айтты:

- Эми аны полиция күчтөрү деп абдан коркунучтуу түрдө айтып атышат да. Мына демонстарциялар болуп атат, митингдер болуп атат. Азыр айтпаган киши жок бул жөнүндө. Саясий күчтөр болсо бул фактынын үстүндө жөн эле ойноп жатат.
Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.

Өлкө жетекчиси иш сапарын андан ары Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү өрөөнүндө улантып, аймактын бош жаткан экинчи тарабын өздөштүрүү долбоору менен таанышты. Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчынбай Имаров бул долбоор каржылоого алынып калса Өзбекстан менен чектешкен 17 чакырымга созулган кароосуз аймаккка эл отурукташып, чек ара бекемделээрин белгилеп, бул аймактан Өзбекстан газ, мунай тартып алуу үчүн пайдаланып жаткан жерди кайра өлкөгө алуу маселесин кабыргасынан койду:

- Бир күндө эле 20 тоннага жакын нефтини өндүрүп, Өзбекстанга алып кетишип жатат. Кошуналар кен байлыктарыбызды ушинтип беп-бекер алып жатышат. Бул үчүн бизге эч кандай ижара акы да, салык да төлөшпөйт. Биз бул боюнча Өзбекстанга кайрылсак, катыбызга жооп да берип койушкан жок.

Президент менен жолугушуу учурунда кошуналар пайдаланып жаткан бул жер эч кандай талашы жок эле Кыргызстанга тиешелүү экени, бул маселени чечүү үчүн мамлекттик денгээлде чечкиндүү аракеттер көрүлүүсү зарылдыгы айтылды:

- Бул жерлер биздики болгондон кийин бизге өтүш керек болчу.Бул боюнча өкмөттүк денгээлде сөз болуп, биздин мүлк фондуна учурунда тапшырма да берилген болчу алгыла деп. Бирок эмнегедир ушул күнгө чейин маселе жылбай турат, - деди чек араны аныктоо боюнча паритеттик комиссиянын мүчөсү Назирбай Бөрүбаев

Президент Роза Отунбаева болсо бул аймактан Өзбекстан пайдаланып келген мунай чыккан жерди, табигый газды сактоочу жерлерди кайтарып алуу, же Кыргызстан пайдаланган көгүлтүр отун үчүн өз ара эсептешип алуу маселелери жогорку денгээлде каралаарын белгилеп, аны чечүүнүн оңой жолу – аймакты өздөштүрүү экенине токтолду:

- Негизи азыр Өзбекстан менен биздин катнаштарыбыз жакшы. Өзгөчө акыркы окуялардан кийин бизде ушундай ишенимдүү сөзүбүз бар. Ошон үчүн бул маселени биз аягына чейин чыгарганга аракет жасайбыз. Мен мунун баарын Муралиевге айтам, ал киши билет мындай маселе барын. Ошону менен чечкенге аракет кылабыз. Бирок мен ойлоп жатам, жергиликтүү бийлик көтөрүп жаткан демилге боюнча бул аймакка суу чыгарып, бул жердин баарын өздөштүрүп алсак булардын баары биздин аймактын ичинде, короодо калгандай болуп эле чечилип калат экен. Ушул жолу да жакшы, мүмкүн ушул жол менен чечебиз.

Мындан сырткары президент Бүргөндү аймагына өз алдынча район статусун берүү демилгесин да кубаттап, аймакта инвестиция тартуу жакшы жолго коюлганын кошумчалады:

- Сөзсүз колдойм да. Мен акчалардын баарын тактап алдым бул жактан. Мен бир нерсени так айтып кетет элем, Баткен облусу боюнча. Бүгүн 2-3 жерден долбоорлорду көрсөтүштү, схемалар менен сандары так, адистер да ишенимдүү айтып жатышат. Мен абдан ыраазы болдум, мындай иш ар бир эле облуста боло бербейт.

Мындан тышкары президент Өзбекстандын Сох анкалвын айланып өтүүчү Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолун кура турган кытайлык компаниянын уюштуруу иштерин көрүп, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун иши менен таанышты. Ушуну менен президенттин Баткен облусундагы сапары карып, кечке жуук кошуна Ош аймагына жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG