Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

“Бакиевдин эл билген жана билбеген айымдары ...”


К. Бакиев Минскиге ала кеткен аялы жана балдары менен
К. Бакиев Минскиге ала кеткен аялы жана балдары менен

“Форум” гезити К. Бакиевдин мыйзамдуу жана мыйзамсыз аялдары жөнүндө макаланы жарыялады. “Жаңырык апта” гезити журналист Алым Токтомушевдин “Бунт-II” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. “Алиби” гезити журналист Машакбай Рахманкуловдун “Чычкан албаган мышыктар” аттуу макаласын жарыкка чыгарды.

“Форум” гезити Баратбай Аракеевдин “Бир кадам артка болсо, эки кадам алдыга” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Мамакеев тамшануу менен мактаган Максимдин көзү Кыргызстандын байлыгын жыландай оп тартып соргонуна, Бакиевдин жандүйнөсүнүн жакырлыгына, адамда жок ач көздүгүнө, эми Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов өңдүүлөрдү азыркы бийлик тарапка бир карыш да жолотпоо керектигине токтолуп, Өмүрбек Текебаев жана ал сунуштаган Конституция жагдайына баасын берген.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Үй-бүлөлүк башкаруудан партократиялык башкарууга өтөбүзбү?” деп аталып, Башмыйзамды талдоого алган.

Гезит андан ары “Биздин өлкө парламенттик башкарууга даярбы?” деген суроо менен бир катар саясатчыларга жана саясат таануучуларга кайрылып, парламенттик башкарууну жактаган да, жактабай каршы болгон да жоопторду алган.

“Бакиевдин эл билген жана билбеген айымдары ...” деп аталган макала журналист Айбек Шамшыкеевдин каламына таандык. Автордун иликтөөсү боюнча мурдагы президент 1-аялы Татьяна Васильевна Петровага мындан 40 жыл илгери, Россиянын Куйбышев шаарынан таанышып, сүйүп калып баш кошкон. Татьяна ага кыргыздын шоруна калган Марат жана Максим аттуу эки уул төрөп берген.

Бакиевдин мыйзамдуу канайымы ошентип Татьяна болсо, Кыргызстандын каржы министри боло калган Баланчаева анын мыйзамсыз экинчи аялы болгон. Бакиев Словакия мамлекетинин президенти жубайы менен келгенде ажонун аялынын ролун ошол айым аткарып, анын жанында коштоп жүргөн.

Бакиевдин 3-аялы ага бир кыз, бир уул төрөп берген. Курманбек Тогуз-Тородо аким болуп жүргөн кезинде өңдүү-түстүү окуучу кыз “райондун сулуусу” деген байгени жеңип алган. Ага көзү түшкөн Бакиев сыйлыкты өз колу менен тапшырып, белек-бечкек ыроологон. Акимдин “арзуусун” илгиртпей түшүнгөн Тынчтыкбек Чекиев деген аткаминер ошол кызды Бакиевдин койнуна салып берүү менен кошомат кылган.

Чекиев кийин анын акысына Жети-Өгүз районунун акимдигине, андан соң Нарын облусунун губернаторлугуна татыган. Бакиевдин 3-аялына мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеевдин орунбасары болуп иштеген белгилүү чиновник Бишкектен заңгыраган үй тартуу кылган.

Автор макаласын аяктап баратып, Бакиевдин аялдары ушуну менен эле бүтө калбастыгын, маселен КТРдын тилинен чаң чыккан диктору, кийин Бакиевдин буйругу менен Эшимкановдун орунбасарлыгына дайындалган Төлөнчөева анын мыйзамсыз 4-аялы болгонун, кеп дагы алдыда экендигин шардана кылды.

“Кайда багыт алабыз?

Үч ирет революция жасаганга үлгүргөн Кыргызстанда жеке адамдын башкаруусу, тагыраак айтканда президенттик башкаруу жараксыз экендиги далилденди.

Эми үчүнчү жолу жаңылганга акыбыз жок. Демек эмдиги башкаруу сөзсүз элдик, коомдук башкаруу болууга тийиш. Бирок ал кандай болушу керек?” деген суроо койгон “Кыргыз руху” гезити журналист Айзада Абазованын башкаруу формасын талдоого алган макаласын тартуулады.

Расул Үсөналиев менен Малвина Үмөтбекованын макаласында 7-апрелдеги октон жаракат алган жигиттердин ооруканадагы ал-абалы баяндалат.

“Бакиевдин мен Кыргызстанды канга чөмүлтөм деген ою аткарылбайт” деген тема алдында саясатчы Эмил Каптагаев кабарчынын суроолоруна жооп берген.

Журналист Азизбек Келдибеков “Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?” деген маселеге жооп издеп, бир катар жүйөлүү ойлорун сунуш кылган.

Кыргызстандын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөлөрү М. Кидибаев менен С. Мусаевдин макаласы Академияда шайлоо өткөрчү учурбу?” деген ат менен жарык көрдү.

“Жаңырык апта”
гезити журналист Алым Токтомушевдин “Бунт-II” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

7-апрелдеги кыргыз жаштарынын каны суудай акканына ага чейин эле шарт түзгөн жагдайларды кеп кылган автор, маселен 2005-жылдын 17-июнундагы Урмат Барктабасовду колдоочулардын козголоңунда алгач мылтык атылганын, бирок бактыга жараша анда адам жаны окко учпаганын, Бакиев бийлиги акырындап олтуруп элин сабап, камап, кордоп, анан атып өлтүрүп коркутам дегенин, көрүнөө эле “Акүйдү автомат менен коргойм, атканды абдан жакшы билем” деп ошондон кийин ачык жар салганын эске салган.

Бакиев бийлигинен запкы көрүп, камакка алынарда качып жоголгон “Урмат Барктабасовду эми бүгүн Убактылуу бийлик актамак тургай Ата Журт босогосун аттатчу түрү жок, анткени Барктабасовдун жактоочуларынын айтымында андан президенттикти талашат деп коркуп жаткан имиш” деп жазды.

Алым Токтомушев андан ары генерал Мирослав Ниязовдун Кыргызстан парламенттик шайлоого даяр эмес дегендерине кошуларын айуу менен, тилекке каршы акылга зирек мына ушул Мирослав Ниязов, Орозбек Молдалиев өңдүү адамдардын парламентке келиши кыйын болоруна, мындай адамдар акылга карк болгон менен адатта акчасы жок болоруна кейиген. Макаласын аяктап баратып, Бакиевдин Лукашенконун колтугуна кирип алып айткан сөздөрүнүн чала сабаттыгын белгилеп, бети бет эмес эле бетон турбайбы деп жийиркенген.

Аталган гезит ошондой эле Башмыйзамдын, Убактылуу бийликтин жасап аткан иштеринин күңгөй-тескейлерин кепке алган ой-пикирлердин топтомдоруна да кеңири орун берди.

“Алиби” гезити журналист Машакбай Рахманкуловдун “Чычкан албаган мышыктар” аттуу макаласын жарыкка чыгарды. Автор өлкөдөгү абалды баяндоо менен: “Президенттик башкарууда жашайбы, парламенттик системага өтөбү, маселе анда эмес окшойт. Маселе – кандай коомдо гана жашабайлы, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, жумушу бар, анан эң башкысы адилет жашоо өкүм сүрсө болгону” деген оюн билдирген..

Басылма ошону менен бирге эле “Шейит кеткендерди шылдыңдаган эргулдар”, “Бакиев куйруктары –эл душмандары же Түштүк Кыргызстан”, “Бириңерден бириң эр, депутат болчу кимиңер?”, “Бараканова этникалык кыргыздардын этин качанга чейин шылыйт” деген макалаларды басты.

Публицист Кален Субанов өткөн сандан бери жаза баштаган “Кыргыз алтыны” аттуу иликтөөсүнүн корутунду бөлүгүн сунуш кылды. Журналист Нургүл Бөдөшованын 1-макаласы “Зындандагы үн” деп аталып, анда ак жеринен кесилип кеткен адамдын тагдыры, учурунда ал бечеранын кан-какшап жазган арызына кайдыгер караган Кыргызстандын агездеги Баш прокурору Камбаралы Коңгантиевдин кайдыгерлиги туурасында кеп кылган.

Жазгүл Мамытованын макаласы “Түзөтүү мекемесиндеги түзөтүүчү иштер” деп аталып, журналист акыркы беш жылда буйуртма адам өлтүрүүлөр чымын өлтүргөн менен барабар болуп калганын, айрыкча адамга абактан кол салгандардын саны арбып, айрым күчөтүлгөн тартипте соттолгондор белгисиз себептер менен бошонуп, качып кетип, өлкөдө криминалдык күчтөрдүн күч алуусун шарттап, буйуртма киши өлтүргөндөрдүн бети ачылбай, алардын орудуна бейкүнөө адамдар жазаланып жатканын баяндаган.
XS
SM
MD
LG