Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Жалалабат: Чек арадагы айылдарда тиричилик кыйын


Жалал-Абат облусунун бир нече кыштактары электр энергиясы менен ичеер жана эгин суулары жагынан Өзбекстанга көз каранды. Коңшу өлкө аларды каалаган маалда өчүргөндө, Өзбекстанга чектеш кыргыз айылдары жабыр тартат. Кыргызстанга көчүп өтүүнү каалаган жарандардын паспорт алуусу түйшүктүү. Чек ара маселесин чечүү иши солгун жана жайбаракат жүрүүдө.

Облустун Аксы, Алабука жана Ноокен райондорунун чек ара жайларындагы бир топ кыштак электр жарыгы жана эгин суусун Өзбекстандан алууга аргасыз. Коңшу өлкө өздөрүнө керектүү маалда электр тогун өчүрүп койгондо ага жанаша турган кыргыз айылдары жарыксыз жана суусуз калышат. Аксы районундагы «Дерес» айылынын тургуну Бакыт Үзөнбаевдин белгилешинче Өзбекстан электр жарыгын өчүргөндө айылдыктар сууну 20-25 чакырым жерден ташып ичүүгө мажбур. Коңшу үч мамлекетке таркаган гезитте чек араны тактоочу паритеттик комиссиялар бир жыйынтыкка келбей туруп, келишимдерге кол коюла электе өлкөлөрдүн жер аянттары тууралуу так эмес маалыматтар жарыяланган:

- Таза суу чыкпайт, айлап туруп калган суу ичишке мажбурбуз, ооруп калгандар болот. Электр энергиясы дагы Өзбекстандан алынат, насостор токтогондон кийин Өзбекстан жарыкты каалаган убакта өчүрөт. Эл чек арада жайгашкандыктан жерибиз өтүп кетпесин деп жашап келишет.

28-октябрда чек араларды тактоо боюнча кыргыз-өзбек паритеттик комиссиялары Фергана шаарында кезектеги сүйлөшүүлөрдө баштайт. Ага катышмакчы болгон губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов электр жарыгы менен сууну Өзбекстандан алган кыштактардын өнүгүүсү кыйын экендигин, маселе жогорку уюмдарга коюлганын, Аксы районундагы айылга суу жеткирүү үчүн 3-4 чакырымдык куурлар керек экендигин билдирди. Анын белгилешинче өткөн жолку сүйлөшүүдө өзбек тарабына Алабука жана Аксы райондорундагы жайлардын тагдырын чечүү сунушу берилген. Мындай сунушка өзбекстандык паритеттик комиссия да каршы эмес:

Анткени менен Кыргызстанга өткөрүп алууну өтүнүп, Өзбекстанда жашаган кыргыздар да жок эмес. Курбановдун айтымында Ала-Бука районундагы 1200 гектар келген «Гава-Сай» айылында жалаң кыргыздар жашайт. Аны Өзбекстан өткөрүп алууну каалоодо. Коңшу мамлекеттин аймагында тургандарга кыргыз жарандыгын алуунун машакаттуулугун облустун тургуну Замир Садиров да билдирди:


- Жашы жетип, бирок паспорт алалбай, документтерин тапшырып коюп айлап чуркап эч бир жооп алалбай жүргөңдөр көп.

Чек аранын чечилиши узагып кеткенине жергиликтүү жарандар да бушайман болууда. Зарылдыктан улам коңшу өлкөгө уруксатсыз өткөн адамдар Өзбекстанда убактылуу кармалып, айып пул төлөп кутулган күндөрү аз эмес болгондугун Бакыт Үзөнбаевден уктук:

- Союз таркаганына 18 жыл болуп атат, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе дагы эле чечилбестен турат. Өзбекстан тараптан келбей коюшуп, келсе дагы чечпей кетип калган учурлар көп болуп атат. Себеби Өзбекстанда Кыргызстандын калып кетип аткан жерлери көп. Коруй албай көрүнгөнгө кармата берсек болбойт, эртеңки муундар бизди кечирбейт.

Өзбекстанга чектеш айылда жашаган жарандын пикирин губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов кубаттаган жок. Бирок, чек аранын такталбаганынан ары-бери өткөндөргө кыйын болуп жаткандыгын мойнуна алды. Анын айтымында чек ара сүйлөшүүлөрүндө паритеттик комиссиялардын мурдагы токтомдорун аткаруу маселеси такай көтөрүлөт. Облус менен Өзбекстандын ортосундагы аныктоону талап кылган 21 жайдын жеңилирээктери чечилип, 714 чакырымдын 573 чакырымы аныкталган. Паритеттик комиссиялар 52 гектар жердин тагдырын чечүүгө күчсүз. Аны республикалык деңгээлде кароо керек:

<i> - Биз өткөн отурумда Ала-Букадан 4 точканы, Аксыдан 2 точканы сунуш кылганбыз. Аны чечсе болот. Өзбекстан тарап деле, Кыргызстан тарап деле эч кандай отурушка ээ болбойт. Мен отурушка ээ болот дегенге каршымын. Биз элдин жашоо шартына, тиричилигине карата мүмкүнчүлүк болушунча чечип беришибиз керек. Мен ойлойм бул отурумда дагы жакшы маселелер чечилип калышы мүмкүн деп. Чындыгында эле элдерге кыйын болуп жатат. Айрым жерлерде атканасы Өзбекстанда болсо, үйү Кыргызстанда болгон жерлер бар, </i> - деди Жаныш Курбанов.

Жаныш Курбанов соңку жолугушууда Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым талаш жайларды облустук өкүлчүлүк кароодон баш тартканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG