Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

«Кеңешме демократиянын» кейпи


Ынтымак курултайында президент К.Бакиев «кеңешме демократиясы» Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келерин айтты
Ынтымак курултайында президент К.Бакиев «кеңешме демократиясы» Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келерин айтты

23-24-мартта Бишкекте өткөн Ынтымак курултайында президент К.Бакиев «кеңешме демократиясы» Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келерин айтып, элдик демократияга реформалар аркылуу барыш туура болорун ырастады.

Башкаруу реформасы мына ошол иштин башталышы экенин белгиледи. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу «кеңешме демократиясына» арналат. Ага «Акшумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, парламент депутаты, «Акжол» фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдырасаков катышат.

Кезектеги курултай демократиясы

- Өткөндө Ынтымак курултайында президент К.Бакиев бизге Батыш демократиясы байыр алалбады, шайлоонун кадыры кетип бүттү, ошондон дүйнөнү кыйла жеринде иштеп аткан “кеңешме демократияга” өтсөкпү дегендей сунушту айтты. Темир мырза, бул Кыргызстандын демократиядан четтөөсүн түшүндүрбөйбү?

Темир Сариев:
- Президенттин өз сөзүндө минтип айтты: “Бүгүн дүйнөдө “кеңешме демократия” деп аталган үлгү кеңири жайылган”. Мен президенттен сурагым келет эле. “Кайсы мисалды айтып жатасыз” деп. Бүт дүйнөдө шайлоо, тандоо жолу менен келген мыйзамдуу бийлик болот. Президент “кеңешме демократия” деп өзү чакырган Ынтымак курултайы менен президенттик кеңешмени гана түшүнсө анда ушул эки орган эле башкарсын деп, унчукпай койсок деле болмок. Айрым өлкөлөрдө элдин пикирин билип турчу, такай калк арасында сурамжылоо жүргүзүп турган институттар болот. Бирок алар башкаруу системасына кирбейт. Биздин Конституцияда элдик максат-мүдөөнү аркалаган президент, аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутактарынын аткара турган иштери так көрсөтүлгөн. Анан эми Конституцияны тебелеп-тепсеп, бизге шайлоо демократиясынын кереги жок, “кеңешме демократияга” өтөбүз деш, менимче маселени терең түшүнбөгөндүк. Сырттан келген эксперттин жазып берген баракчасынан чыккан түшүнүк. Ошол окулуп кетти. Президенттин сөзүн мен кызыл сыя менен чиймелеп окудум. Бирине-бири карама-каршы келген ойлор айтылыптыр. Бир жеринде уруучулук, жердешчилик бизге тоскоолдук кылып жатканын айтып, экинчи жеринде ушунун негизинде улуттук идеологияны улантышыбыз керек дейт. Беш жылдык башкаруудан кийин президент эми эмне кылабыз суроосун берип отурса бул биздин шорубуз.

- Бейшенбек мырза, бу “кеңешме демократия” сиздердин партияда талкууланган жок беле? Анан ушуга улай дагы бир суроо. “Кеңешме демократия” саясий түзүлүштү өзгөртүүнүн алгачкы аракети эмеспи?

Бейшенбек Абдырасаков:
- Курултайда сүйлөнчү сөз бизде талкууланган эмес. Ким келип эмнени сүйлөрү белгисиз болчу. А бирок курултай бизге керек. Муну мурда эле ачыш керек эле. Манастын убагында, андан кийин деле элдин мыктылары, уруулардын башчылары чогулуп чоң-чоң маселелерди чечип кетишчү. Азыркы тарыхый мезгилде мурункулардан керектүү нерсени алып калганыбыз бир чети жакшы болду. Ал жерде айтылчу сөздүн баары айтылды. Мага жакканы кыргыз тили, генофонд жөнүндө сөз болду. Уруучулукка каршы сөздөр айтылды. Бирок ал кала берет. Ошондуктан анын жакшы жагын пайдаланышыбыз керек. Анын аркасы менен кыргыз сакталып келди. Анан кыргыздын улуттук идеологиясы болушу абзел. Бул негизи керек нерсе. Эл чогулуп келип, максат-мүдөөсүн ачык айтып турса курултай жакшы эле.

Ыйгарым укуктар жоопкерчилиги кана?

- “Кеңешме демократия” Түркмөнстанда күчтүү. Ал жердеги Калк масилети (Халк маслахаты) ченемсиз жеке бийликтин ыкчамдуу инструментине айланган. Кыргызстан да ошол жолго түшүп кетпейби?

Темир Сариев: - 5 жылда президент К.Бакиев өзүнө көп ыйгарым укуктарды чогултуп алды. Анын баарын аткара албай, мына мыйзамсыз борборлорду түзө баштады. Мына менин жанымдагы депутат Бейшен Абдыразаковдун “Акжол” фракциясы. Булар деле добуш берүүнүн машинеси болуп калды. Парламент көзөмөлү иштебей калган соң президент эл баарын көтөрө берет деп, Конституцияга президеннтик институт, кеңешмени киргизип, бийлигин мыйзамдаштырып алууга киришти. Жалгыз өзү башкарам деген эле сөз. Ал эми “кеңешме демократиясын” башкарууга киргизүү демилгеси өтө опурталдуу нерсе. Анда парламент эмне жумуш кылат? Баарын Ынтымак курултайына берип койсо. Курултай кеңеш берүүчү гана орган. Курултай эки эле маселенин тегерегинде талкуу жүргүздү. Биринчиден президенттин жаңылануу багытын кубаттап, экинчиси үй-бүлөлүк башкарууну, бийлик бутактарын реформалоону жактыра тургандыктарын билдирип кетишти. Эгер курултай чын эле көйгөйлүү маселелерди козгой турган болсо эмне үчүн “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелекомдун” сатылышы боюнча чечим кабыл алган жок? Нарындыктардын, 7 ай бою суукка тоңгондордун тариф талабы ишке ашырылган жок. Баарын Борбордук агенттикке тапшырганын айтып тим болбодубу. Президенттин сөзүнөн келтире кетейин: “Ошентип же көздөгөн максатыбыз ордунан чыкпай, же урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду буп коюуда”, деп айтып олтурат. Колунда бийлиги болуп туруп айтканы ушул. 3 жыл мурун парламентке келип, 4-5 депутат ишине тоскоол болуп жатканын айтып, алар болбосо өлкө оңолуп кетерин эскерткен. Алар парламентте болбой калгандан кийин эмне кылды? “MGN Group” деген сырттан кеткен шумпайга акчанын баарын башкартты. Эми келип Конституцияга өзгөртүү киргизип койду. Бул абдан опурталдуу иш.

- Бейшенбек мырза, Ынтымак курултайында үй-бүлөлүк башкаруу, конституциялык өзгөрүүлөр жайында кеп болбоду. Анын себебин эмнеге байланыштуу деп түшүндүрөсүз?

Бейшенбек Абдырасаков: - Сөз болду. Конституцияны 55 жолу өзгөрттү деп айтпадыбы бир аксакал. Ал жерде көп маселелер айтылды. Л.Брежнев заманындагыдай мактоо менен жыйын өтүп кетеби деген чочулоо болгон. Бирок ал жерде эч кимдин оозун тыйышкан жок. Каалаганы барып, каалаган сөзүн сүйлөштү. Айтылган сөздөрдөн тышкары өкмөт мүчөлөрү келген өкүлдөрдү кабыл алып, алардын өтүнүч, суроолорун чечип беришти го. Курултай мүдөөсүнө жетти. Анан бул жерде Темир байке “Акжолдун” депутаттары отурасыңар жөн эле деп кетти. Отурбайбыз. Биз деле айтып атабыз, деп атабыз. Сиздер деле 15 жыл депутат болдуңуздар. Мына менин эки жылдык депутат кезимде аткарган ишими салыштырсаңар ошондон көп. 1916-жылкы Үркүн маселеси боюнча мыйзам чыгарып, эстелик тургуздук. Генофондду сактоо, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иштер жасадык.

Ынтымак чакырыктар ыры

- Мына ушул “кеңешме демократияны” өнүктүрүш үчүн президент Ынтымак курултайынын ордун, ролун дагы көтөрүшү мүмкүнбү?

Темир Сариев: - Президент: “Биз элдик демократияга ызы-чуу менен эмес, ырааттуу реформалар аркылуу барабыз, -дейт. – Бул үчүн биринчи кезекте башкаруу системасын реформалап баштадык – Президенттин Администрациясы башында турган катаал тике башкаруу системасын жойдук. Анын ордуна координациялык жана коммуникациялык орган – Президенттик кеңешме түзүлүп, ал мамлекеттик активдерге администрациялык, бизнес чөйрөгө корпоративдик, ал эми атуулдук коомго коммуникациялык мамиле жасоо жолдорун айкаштырууда”.

Мына президенттин айткан сөзү менен кылган иши кайчы келип отурат. Президенттик кеңешме Конституцияда жок. Анын алдына Борбордук агенттикти түздү. Протоколдук деңгээли боюнча анын уулу 6-адам. Ага мамлекеттик бүт активдерди берип койду. Бейшенбек мырза иштеп атабыз деп атпайбы. Ооба иштеп атасыңар. Ага бааны эл берет. Президент шайлоо өзүн актай албай калды, “кеңешме демократиясын” киргизем деп атпайбы. Анда бир адам айткандай эле болуп калат. Эч кандай шайлоо, тандоонун кереги жок болуп калат.

- Бейшенбек мырза, “кеңешме демократия” буга чейинки жаңылануу аракеттерибизден жол болбой, мурдагы көнүмүшүбүзгө эле келүүнүн жолу эмеспи?

Бейшенбек Абдырасаков: - Шайлоо эми деле боло берет. Ынтымак курултайы бул кошумча механизм. Элдик трибуна. Курултай институтун өнүктүрүшүбүз керек. Биринчи жолу биз көбүнчө чарба иштерине кирип кеттик. Келечегинде ал чоң-чоң, стратегиялык маселелерди карайт деп ойлойм. Биздин социалдык маселелерибиз көп, жашоо-турмушубуз начар. Ошондон социалдык маселелер көп козголуп жатпайбы. Мына эгемендик тушунда элибиздин 5% бай, калганы жакыр болуп калды. Революция болуп, мурунку президентибиз качып кетти. Салыштырып айтсак, ураган үйгө келип, анын жарыгын оңдоп, суусун ташып, иштеп атабыз. Бүгүн баарыбызга эле оор. Бүт баары жетишпейт.

- Ырахмат, мырзалар! Ишиңиздерге ийгилик, ушуну менен талкуубузду жыйынтыктасак.
XS
SM
MD
LG