Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

К.Бакиевдин башка да аялы жана кичине балдары бар


Кыргыз эли экс-президенттин бир эле жубайын - Татьяна Бакиеваны эле таанышчу.
Кыргыз эли экс-президенттин бир эле жубайын - Татьяна Бакиеваны эле таанышчу.

Кулатылган президент Курманбек Бакиев дүйшөмбүдө үй-бүлөсү менен Минск шаарына барды. Аны Беларус президенти Александр Лукашенко толук колдоорун айтып чыкты. Көптөрү күткөндөй К.Бакиев ал жакка орус улутундагы мыйзамдуу жубайы менен эмес, кийинки аялы жана андан төрөлгөн тогуз жашар кызы, беш жашар уулу менен барды.

Мурдагы президенттин ырасмий эмес аялы бар экени мурда эле айтылып жүрчү. Бирок буга чейин ал сыр эч качан ачыкка чыккан эмес эле. Укук коргоочулар мурдагы өлкө башчынын мындай жоругун сынга алышууда.
Үй-бүлөнү биз талаага таштабайбыз. Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз.
А.Лукашенко

7-апрелдеги кандуу окуядан соң качууга аргасыз болгон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мыйзамдуу бир гана аялы бар. Биринчи жана мыйзамдуу жубайы Татьяна Бакиевадан Марат жана Максим аттуу эки уул көргөн.

К.Бакиев президент кезинде анын мыйзамдуу аялынан төрөлгөн улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп турган. Кичүү уулу Максим Бакиев болсо өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигин башкарып, өкмөт башчыдан да чоң күчкө ээ болуп келген.

15-апрелде эл аралык уюмдар, ири өлкөлөр кепил болуп атып Жалал-Абадда бекинип жаткан К.Бакиевди коңшу Казакстанга чыгарып кетишкен эле. Буга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип атып Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, сот жана прокуратура тармагын тейлеген Азимбек Бекназаров, К.Бакиев өлкөдөн кичине балдары жана үчүнчү аялы менен чыгарылганын жарыялаган.

Кечээ Беларус президенти Александр Лукашенко бул маалыматты дагы бир жолу тастыктап, К.Бакиевди жана анын жубайын, алардын тогуз жашар кызы менен беш жашар уулун атайын органдар Минскиге дүйшөмбүдө алып келишкенин айтты:

А.Лукашенко
- Үй-бүлөнү биз талаага таштабайбыз. Биз анын балдарын, үй-бүлөсүн дарылайбыз. Эгер жардам керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүнө да жардам беребиз.

Менин оюмча Кыргызстанда абал дагы деле калыбына келе элек. Кимде-ким алакан чаап, К.Бакиев өлкөдө жок деп аткан болсо, жаңылышат. К.Бакиев эч кайда кетпейт. Ал андай адам эмес. К.Бакиев өзүн президент деп эсептейт. Анан дагы эскертип коёюн, ал жактын эли да бүгүн эсине келе түштү.
Мен да бүгүн ушул маалыматты окуп алып төбө чачым тик туруп атат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Б.Рыскулова


Кыргызстандагы укук коргоочулардын айтымында, мурдагы президенттин көп аялы бар экени ачыкка чыкканы, бул маалымат ушул тапта дүйнөгө дүң болуп турганы - Кыргызстандагы аялдардын укугунун али начар абалда экендигин көргөзүп турат.

Аялдардын укуктарын коргогон “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, ансыз да көптөгөн айыптар тагылып аткан К.Бакиевге эми көп аял алуучулук боюнча да кылмыш ишин козгоо керек:

Б.Рыскулова
- Аялдардын укуктары тебеленип атат. Мына, полигамияны мыйзамдан алып салабыз деп атышат. Анда эмне болот Кыргызстанда. Биз анда эмне диний мыйзамдар менен жашап калабызбы. Бирок диний мыйзамдар болгондо да калп айтпаш керек экен да. Биринчи аялынан уруксат сурап, ачык айтып, нике кыйып анан ага барыш керек экен. Бирок ал диний эрежелер биздин баш мыйзамга туура келбейт.

Мен да бүгүн ушул маалыматты окуп алып төбө чачым тик туруп атат. Эмне үчүн президент тогуз жашар жана беш жашар балдарын ушунча жыл катып жүрдү? Эми азыр кетип атканда ушинтип билинип атат. Эми андан кийинкилер эмне кылат?


Көп аял алуу маселесин К.Бакиев президент болуп турган чакта айрым чиновниктер да көтөрүп чыгышкан болчу. Маселен, учурунда Адилет министри болуп турган Марат Кайыпов көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп ийип, далай кепке калган. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Б.Рыскулованын айтымында, өлкө башчы болуп турган адам ушундай өрнөк көрсөтүп аткан соң башкаларды айтпай эле койгон оң.

XS
SM
MD
LG