Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Орусиялык он тыңчы АКШдан чыгарылды


Орусиянын пайдасында тыңчылык кылган деген шек менен июнь айынын этегинде кармалган он киши Америка Кошмо штаттарынын аймагынан чыгарылды.

Нью-Йорк шаарынын соту айыпталуучулар АКШда катоого турбай жашап жүрүп чет элге тыңчылык кылганын мойнуна алгандан кийин ошондой өкүм чыгарды. Чечим чыккандан кийин көп өтпөй орусиялык тыңчылар АКШ жалдаган учак менен Вена шаары аркылуу Москвага учуп кетишти.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен АКШнын Мамлекеттик департаменти Батыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген күнөө менен Орусияда соттолгон 4 кишини АКШда кармалган он кишиге алмаштырууга атайын кызматтар макул болушту деп тастыкташкан. Орусиянын президенти ал үчүн Александр Запорожский, Геннадий Василенко, Сергей Скрипаль жана Игорь Сутягиндин күнөөсү кечирилди деген буйрукка кол койгон.

Тыңчылар тууралуу кабар дүйнөнүн көңүл чордонунда
АКШда жашап жүрүп тыңчылык кылган он кишинин тогузу Орусиянын атуулдары экенин моюндарына алышкан. Алардын баары башка ысымдар менен жашап жүрүшкөн. Онунчусу – Вика Пелаез гана өз аты менен жашаган. Тыңчылар 27-июнда камакка алынган. Бирок булар тыңчы деген шек менен алардын артынан көзөмөл көп жылдан бери уланып келген. Вика Пелаез болсо жолдошу Хаун Лазаро (чындыгында ал Михаил Васенков болуп чыкты) менен отуз жыл чогуу жашап, анан айтканын жасап келген.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин маалымат кызматынын катчысы Наталья Тимакованын ырасташынча, Орусиянын мыйзамдарына ылайык күнөөсү кечирилген төрт киши да “мурда жасаган күнөөлөрүн моюнуна алып”, тил кат жазышкан. Окумуштуу Игорь Сутягиндин атасы Вячеслав Сутягин буларды айтты:


- Он бир жыл бою (Сутягин түрмөдө олтурган мөөнөт) коопсуздук кызматы ушул максатына жетпей келген. Эми алар ага жетти. Балам тандагыдай башка жол жок болчу.

Америкалык жазуучу Дэвид Вайстын баамында, эки өлкөнүн тыңчылар менен алмашуусунун артында чоң саясат бар:

- Тыңчылар менен алмашуу “кансыз согуш” доорун эске салат. Бирок ал кезде тыңчылардын баркы жогору эле.

Ал эми Вашингтондогу «Жоржтаун тобу» изилдөө уюмунун адиси Пинк Чарльз буларды айтат:

- Мен тыңчылар менен алмашууга каршы эмесмин, бирок анын бирдей болбогону таң калтырат. Кантсе да кармалган топ анча деле сыр таба алышкан эмес.

АКШдан 10 орусиялык тыңчы чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

XS
SM
MD
LG