Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Түркия-Армения: жарашууга карай узак жол


Түркия менен Армения дипломатиялык мамилелерди түзүү максатында Цюрихте жетишкен келишимге кол койгондон бери 4 ай өттү. Бирок келишимдерге киргизилбеген жаңы шарттардын күн тартипке коюлуп жатышынан улам жарашуу жараяны улам создугуп баратат.

Өткөн аптада Мюнхендеги 46-Коопсуздук конференциясына катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу маалымат жыйынында Түркия менен Армениянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу тууралуу сөз айтты.

Бул маселеге байланыштуу Түркия жүргүзүп келаткан саясат бүт Кавказ аймагына чоң пайда алып келээрин бышыктаган министр Давутоглу бул саясат бир гана армян-түрк мамилелерин жакшыртууну эмес, түрк-армян соода байланыштарын өнүктүрүү, Кавказдагы тынчтык жана бакубат турмуштун мейкиндигине айлантууну көздөөрүн баяндады.
Жараян татаал, жол аябай алыс көрүнөт.


Өткөн жылдын октябрь айында Цюрих калаасында кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн парламенттеринин кароосуна жиберилип, мерчемдүү бир мезгилдин ичинде эки өлкө дипломатиялык алакаларды орнотуп, чек араларды ачып, талаштуу геноцид маселеси түзүлүүчү орток илимий комиссиянын кароосуна берилмек эле.

Келишимдердин сыясы кургабай жатып Азербайжан Түркияга катуу нааразычылык билдирди жана Армения менен мамилелерди Тоолуу Карабак бошотулмайын ишке ашыруу азери-түрк достугуна жасалган кыянат болоорун белгилеген. Түркияда оппозиция да келишимдерди кескин сынга алды.

Ошол кездеги “Жумуруят Калк” партиясынын төрагасынын орунбасары Онур Өймен буларды белгилеген:

- Өлкөнүн тагдыры чоң коркунучта. Экономика начар болсо же социалдык көйгөйлөр ырбаса баары бир өз ичибизде чечип алабыз. Тышкы саясатта кетирилген каталарды оңдоо оңой эмес.

“Улуттук аракеттенүү” партиясынын төрагасынын орунбасары Мехмет Шандыр мындай пикири менен бөлүшкөн:

- Биз бул күндү тарыхыбыздагы кара күн катары жарыялайбыз. Бул келишимдер аркылуу биздин бир тууган Азербайжан эли менен болгон стратегиялык мамилелерибизди коркунуч астына сала турган бир кадам ташталып олтурат.

Бакунун мындай мамилеси жана ички оппозициянын нааразылыгынан улам Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Тоолуу Карабак маселеси чечилмейин чек аралар ачылбай турганын жар салган:
Келишимдердин сыясы кургабай жатып Азербайжан Түркияга катуу нааразычылык билдирди.


- Биз бул тууралуу Азербайжандын башын оорута турган эч бир кадам таштабайбыз. Азербайжандын Тоолуу Карабак облусу армяндардын оккупациясы астында жана бул чындыкты бүт дүйнө кабыл алууда.

Ушундан улам Армения Цюрих келишимдерин Конституциялык Соттун кароосуна берди. Сот келишимдерди жалпысынан кабыл алганы менен ага геноцид маселесин тиркеп койду.

Түркиянын тышкы иштер министри Давутоглу өткөн аптада ушундай жагымсыз өнүгүүлөрдүн тушунда армян-түрк жакындашуу жараяны мындан ары токтоосуз уланарын ишендирди. Жараян татаал, жол аябай алыс көрүнөт.

"Азаттыктын" архивинен: Түрк жана армян президенттери Бурсада

2009-жылдын 14-октябрында түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл армян кесиптеши Серж Саркисян менен кездешип, чогуу футбол мелдешин көрүштү. “Азаттыктын” кабарчысы К. Симоняндын тасмасы. Бурса ш., Түркия.

Түрк жана армян президенттери Бурсада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG