Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

"Алданган койлор карышкырга жем болот". Эзоп айткан эркиндик


Ош улуттук драма театры койгон "Эзоп" спектакли. Эзоп - Арген Тойчиев, Ксанф - Эмгек сиңирген артист Солтобай Кулбаев, Клея - Надира Сарыкова. Спектаклди койгон режиссер - Талант Апыев.
Ош улуттук драма театры койгон "Эзоп" спектакли. Эзоп - Арген Тойчиев, Ксанф - Эмгек сиңирген артист Солтобай Кулбаев, Клея - Надира Сарыкова. Спектаклди койгон режиссер - Талант Апыев.

23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укуктун күнүнө карата тамсилдери классикага айланган Эзоп тууралуу баяндайбыз.

Эзоп аттуу акылмандын аты тарыхта калганы менен бул дүйнөдө андай адамдын болгону-болбогону так эмес. Геродот аны Амасис падыша доорунда (б.з.ч. 570-520 ж.ж.) жашаган, Самос аралындагы Иадмондун кулу болгон, эркиндикке чыгып жер кыдырып жүргөндө дельфиялыктардын колунан өлгөнүн маалымдаган. Башка бир кабарда адамда жок акылман Фракиядан чыкканы, кожоюну Ксанф болгону, артында 426 тамсил айтылып калганы эскерилет.

Эстелик кол жазма

Эзоп сапарын кыргыз тилине мыкты таржымачы Акун Ашыров оодарган. Көзүнүн тирүүсүндө кол жазма жарык көрбөй, кийин жазуучу Жылкычы Жапиевдин аракети менен "Жаңы Ала-Тоо" журналынын үч санына жарыялаган. Акун аба кол жазмасын Жылкычы акеге табыштап: "Тамак сурап атты беле, сенде тура берсин, ылайыгы келсе бир жерге кошуп коёрсуң, болбосо кийинчерек алып кетермин" деген экен. “Аны жоро-жолдоштору Эзоп дешчү. Себеби, ал өмүрү өткүчө кыргыз окурмандарына Эзопту тартуулап келди”, - дейт Ж.Жапиев.

Тамсилчи Эзоп – фригиялык кул болгон, ошол жерде төрөлгөн. Кебетеси өтөле куник, салык курсак, чоң баш, толгон-токой кемтиги аз келгенсип дудук болуп калганын айтпайсызбы. Анын тилинин чыгышына Умай эне Исиданын нөкөр айымынын боорукердиги себепкер болгон. Көргөн адамдын жүрөгүн түшүрбөсүн деп кожоюну шаар четиндеги бакчасына алып барып койгон. Ошол жерде кара жумуш кылып жанын баккан. Турмуштук оор сыноолордон тубаса акылы, көрөгөч, сезимталдыгы аркылуу оңой эле өтүп, тагдыр сапары аны бир күнү алыс жерге Самос деген шаарга алып барып таштайт.

Ош улуттук драма театры койгон "Эзоп" спектакли. 2023-жыл.
Ош улуттук драма театры койгон "Эзоп" спектакли. 2023-жыл.

Узак жол жүрүп Фригиядан Эфес шаарына түшүп, андан дагы кемеде жүрүп Самос шаарына келет. Шаардагы белгилүү Ксанф философ кездешүүсү базардан башталган.

“– Сен ким болосуң? – деп сурайт Ксанф.

– Эт менен сөөктөн куралган өзүңдөй адаммын.

– Мен аны сураган жерим жок, туулган жайыңды сурап жатам.

– Энемдин ичинен чыккам.

– Оңбогон неме го, – дейт Ксанф, – кайсы жерде туулгансың?

– Апам аны мага айткан эмес, – дейт Эзоп.

– Балким, жаткан төшөгүндө же ашканада тууп койгондур.

– Мунуң балээ го, кайсы уруудан болосуң?

– Фригиялык болом.

– Колуңдан эмне келет?

– Эчтеке.

– А кандайча?

– Кандай болмок эле, – дейт Эзоп, – бардыгы бул экөөнүн колунан келгенден кийин менин колумдан келе турган эмне калды?

Аны угуп турган окуучулар: "Мына кызык, тигил экөөнү такыр эле макоо кылып салды. Чыны менен эле бардыгын билем деген кишинин колунан эчтеке келбейт. Көрсө, ошон үчүн күлүп жаткан тура!", – дешип, өз ара сүйлөшөт.

– Сени мен сатып алсам кандай дейсиң?

– Мага кеңеш берип турсун деп маяна төлөп койдуң беле? Кеңешимдин сага кереги эмне? Сатып алгың келеби – сатып ал; албайт экенсиң, көп башты оорутпай жолуңа түш. Мени сатып жаткан киши сени кайырмак салып кармап келген жок. Сатып алгын деп сени эч ким кыйнабайт, казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса – керекминби, акчаңды кармат, керегим жокпу – капчыгыңды камтып жолуңа түш.

– Тилиң дайыма ушунтип сайрап турабы?

– Сайраган чымчыктын наркы да, баркы да жогору болот.

"Кайран гана Эзоп, биздин дамылдабызды катырды!" – дешип анын шакирттери күбүрөшүп калышты”.

Самостогу эң эле акылдуу делген адамдын жөнөкөй бир пенде экенин, анын кимдигин билбегендер учурма кептерди чыгарышып аны жөн эле дуулдата мактай беришерин Эзоп базардан эле билген. Ксанфтын мурдун чүйрүгөн эрке аялына Эзоп түштүн бардыгы эле төп келе бербестигин айтып, анын жөн жайын кудайлардын ич ара келипестигине байланыштуу түшүндүргөн. Музалардын пайгамбары Аполлон бир сапар Зевстен дубанын күчүн сурап алып алдын-ала эмне болорун айтат баштайт экен. Ага ичи тарыган Зевстин жини келип адамдарга түштү жиберет, түшүндө көргөнү өңүңдө келчү түш жаралат. Адамдардын ишениминен кете баштаган Аполлон Зевске барып суранганда мөрөйү үстөм чоң кудай жалган түштү жерге жөнөтүптүр.

Жердин өз баласы

Ксанф Эзопту ээрчитип багына барса багбанчы эмнеликтен отоо чөп жакшы өсөт, топурагын майдалап, суудан өксүтпөсө деле колдо өстүргөн жашылча-жемиш андай боло албайт, “мунун себеби эмнеде” десе мактанчаак философ жооп таба албайт, акылдуулар мектебинде андайды окутпаптыр, дагы эле Эзоп жардамга келет.

“Анда кулак салып угуп тургун. Ал кадимки эле экинчи жолу эрге тийген балалуу аялдай болот. Экинчи күйөөсүнүн да балдары болгон учурда ээрчите келген балдары өз баласы болуп, күйөөсүнүн мурдагы аялынан калган балдар ага өгөй бала болуп саналат. Өз бала менен өгөй баланын айырмасы кандай экенин билесиңби? Өзгө өздөй, жатка жаттай мамиле жасап, өгөй балдарга тийиштүү тамактын ырыстуусун өз балдарына тартып берет. Ошондой эле сенин эккен жер-жемиштериң жердин өгөй балдары болот да кодура өсүмдүктөр менен отоо чөптөр жердин өз баласы болот. Ошон үчүн жер сенин тиккен жемиштериңе караганда өзүнүн отоо чөптөрүн жакшы багат. Билбесең билип ал!

– Акылыңдан айланайын, оорулуу оюмдан айыктырып койбодуңбу, – дейт бакчачы. – Алганыңдын бардыгын мен силерге тартуу кылам, каалаган учурда келип, өз оокатыңардай көрүп, каалашыңарча бекер алып тургула!”.

Акылы, тапкычтыгы, чечендиги менен Эзоп элге таанылып, акырында кулдуктан бошонуп эркиндик алат. Эл алдында башы азаттыкка чыкканына жетине албай Эзоп момундай тамсилди алдыга жаят:

“Бир кезде Прометей Зевстин буйругу боюнча адамдарга эки жолду көрсөтөт: бирөө эркиндик, бирөө кулчулук. Эркиндиктин жолу адегенде өңгүл-дөңгүл, ийри-муйру, таш-чөңөрлүү, кырсыктуу, какшык келип, акыр-аягында кенен-кесир, тептегиз, суу менен түркүн жер-жемишке кенелип, ачып-арып, азган-тозгондорду тоюндуруп, күч-кубат бергидей болот.

Ал эми кулчулуктун жолу адегенде кенен-кесир, шайма-шай, азгырмалуу гүлгө бөлөнүп көздүн жоосун алат да, акыр жагы ач бел, куу жон, какыраган таш, какшыган чөл, кайнаган шордуу, азап-тозоктуу келет. Ал жагын өзүңөр тандап алаарсыңар! – деген кеңеш берет.

Самостуктар Эзоптун тамсилин туура түшүнүп, Крез падышанын элчисине жапырт жолдун татаалын тандап алышарын айтышат. Ошондо Крез падышанын элчиси өз өлкөсүнө кур кол барып, падышасына Эзоптун айткандарын төкпөй-чачпай кайталап берет. Аны уккан Крез падыша жоокер башчыларын чакырып алып, жапырт куралданууну буюрат. Падышанын нөкөрлөрү болсо, согуш ачууга көкүтүшөт:

– Ал аралды тартып алып, адамдарын Атлантика океанына сүрүп салыш керек. Бул башка майда калктар үчүн сабак болот. Экинчиден, сизге окшогон улуу падышага каршы кың дей алышпай калышат, – дешет.

Ошондо падышанын ишенимдүү тууганынан бирөө мындай дейт:

– Калп айтсам, сени ушул даражага жеткирген Кудайга кой. Кеңеш берип жаткан Эзоп деген немесинин көзү тирүүдө сен самостуктарды эч качан багындыра албайсың. Андан көрө: "Эзоп деген немеңерди бизге бергиле да, ошону менен касташканды токтотуп достошолу?" – деген сунуш киргизгин”.

Кыйды өкүмдар аны менен эле тынчыбай Эзопту өзүнө алгысы келет, акылман ага ылайык дагы бир тамсилди шардана кылат:

– Самостук граждандар! Талаада калып өлгөнчө падышанын бут алдында өлүш мен үчүн чоң сыймык. Адегенде мен силерге бир тамсил айтып берейин, балким, кийин мен өлгөндө моло ташыма чегип жазып коёрсуңар.

Айбанаттын бардыгы адамчасынан сүйлөгөн учурда карышкырлар менен койлордун согушу болуп калат. Койлордун акыбалы оордоп, жеңилип баратканда жардамга иттер келишет да, карышкырлардын бардыгын кууп салышат.

Иттерден коркушкан карышкырлар койлорго өзүнүн элчисин жиберишет: "Эгерде ортобузда согуш болбосун десеңер иттериңерди бизге өткөрүп бергиле да, душманым жок деп жыргап жата бергиле",– дейт.

Макоо койлор ага ишенишип иттерди өткөрүп беришет да, карышкырлар иттерди кырып салгандан кийин койлордун сазайын беришет. Анын сыңары өзүңөргө пайдасы тие турган кишиңерди душманыңарга сала бергениңер кандай болоор экен?

Тамсилдин өздөрүнө карата айтылганын түшүнгөн самостуктар пайдасын өзүбүз көрөлүк деген максатта Эзопту бербей калышат".

Эзоптун ичер суусу Дельфиядан бүтөт, эллин кулдарынын тукумдары аны өлтүрүүнү чечишет. Көжөлгөн көпчүлүккө акылмандын апсаналары да жардам бербейт. Акыры башта бир өлүм, башка салганды көрөм деп дагы бир тамсилин баштайт.

Дельфиялыктар Эзопко келишип:

– Биз бүгүн сени бийик аскадан кулатып өлтүрөбүз, анткени Кудайга шек келтирип, элибизди кордогонуң үчүн урматтап көмүүгө татыксыз деп чечтик. Даярдана берсең болот, – дешти.

Аны Эзоп уккандан кийин тамсил айтып калууга улуксат бергиле деп суранат. Алар улуксат беришет.

– Айбандардын бардыгы адамча сүйлөп жүргөндө бир чычкан менен бир бака дос болушуп, бирин бири мейманга чакырышат. Чычкан баканы чоң кампага ээрчитип кирип, андагы эт, май, нан, быштак, курут, түркүн жер-жемиштер менен коноктойт. Тоюшунча ичип, жеп алган бака: "Сен да мага келип конок болуп кет, менин сыйымды да көрүп аласың!" – дейт.

Чычканды көлмөгө ээрчитип барып: "Кана, сүзүп жөнөдүк!" – дейт. Чычкан: "Мен сүзгөндү билбейм!" – деп жооп берет. "Эчтеке эмес, мен үйрөтүп коём!" – дейт бака. Жиптин бир учун өз бутуна байлап, экинчи учун чычкандын бутуна байлайт да сууга секирип кирет. Чиркелген чычкан сууга кошо кетет. Ошондо сууга тумчуккан чычкан: "Мен өлүп баратам, бирок өлгөндө да өчүмдү алам!", - дейт.

Чычкандын өлүгү сууда калкып калып, аны учуп бараткан кузгун эңип кетет. Ага чырмалган бака кошо кетип, кузгун адегенде чычканды, андан кийин баканы жеп салат. Чычкан ошентип өчүн алыптыр. Анын сыңары силер мени өлтүрөсүңөр, менин убалыма калган өзүңөр да соо калбайсыңар. Лидиялыктар, вавилондуктар, ал тургай бүткүл Эллада менин кунумду кууйт”.

Айткандай эле дельфиялыктарды кара жымаа дарты каптап, бул окуяны уккан Элладанын, Вавилондун, Самостун адамдары Эзоптун кунун дельфиялыктардан алышат. Эзоптун жашоого, өмүргө жана өлүмгө карай сапары мына ушундайча аяктайт”.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG