Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

"Алтынды азыр бөлө албайбыз". Жарлыкты жылдырган жагдайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыгынын мөөнөтү жылды.

Анын алдында Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер бул жарлык май айынан тартып күчүнө кирсе, кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин эскерткен. Адистер мындай жарлык чыгаруудан мурда аны аткарууга даярдык көрүлүшү керек экенин айтып келген.

Кенчилердин кооптонуусу

Кыргызстандагы Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер май айынан тартып алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салынса, кен казган компаниялардын иши токтоп каларын эскерткен.

Аталган бирикменин башчысынын орун басары Алмазбек Жакыповдун "Азаттыкка" билдиришинче, жарлыкты чукул аткаруу учурда дээрлик мүмкүн эмес.

"Жарлыктын мөөнөтүн жылдыра турбаса, аны ким аткарат? Эгер концентраттар сыртка чыкпай калса, өндүрүш токтогону жатпайбы. Компаниялар эртең күйүүчү май сатып алып, жумушчуларга маяна бериши керек да. Эгер алар өндүргөнүн сатпаса, акчаны кайдан алат? Бул сөздөрдүн баары бизге кайрылган жумушчулар, иш берүүчүлөрдөн улам чыгып жатпайбы".

2020-жылы ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Садыр Жапаров Ала-Бука жана Чаткал райондорунда эл менен жолукканда алтын кошулмаларын сыртка ташууга тыюу салууга убада берген.

Ал былтыр октябрда 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койгон.

Анда "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасына өлкөдө казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилген.

Ошондой эле өкмөт убактылуу бул тыюуну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылган.

Бул макала жазылып жатканда президенттик администрациядан "Азаттыкка" бул жарлыктын аткаруу мөөнөтү жылганын, кийинки жылдан тартып күчкө кирерин билдиришти.

Бирок тогуз ай ичинде кандай даярдык көрүлөрүн такташкан жок. Ошондой эле "Кара-Балта тоо-кен комбинатын" азыркы абалы жана банкрот деп жарыялоо жараяны тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берилбеди.

Былтыр ноябрда президенттин жарлыгынан бир ай өткөндө эле аталган ишкананы банкрот деп жарыялоо жараяны башталганы тууралуу маалыматтар чыккан. Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги да комментарий берген эмес.

"Кара-Балта комбинатынын" чарк-чамасы

Тоо-металлургчулар кесиптик кошуунунун башчысынын орун басары Алмазбек Жакыпов "Кара-Балта тоо-кен" ишканасынын абалы начар экенин айтууда.

"Биз деле "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" өзү өндүрүп чыгарса дейбиз, ага макулбуз. Тилекке каршы, иштебей жатпайбы. Өзүбүздөн чыккан оокатты өзүбүз эле туура пайдалансак, жакшы болмок. Бирок ага шарт жок. Ошол эле Кара-Балтадагы тоо-кен ишканасын иштетсе жакшы болмок, бирок аны иштетпей банкроттуулукка алып баратышпайбы. Концентратты кайра алтын кылып өндүргөн фабрика салынмайынча, чет мамлекеттерге көз каранды боло беребиз. Өзүбүздө биринчи алтын чыгара турган фабрика болгондо гана концентраттарды сыртка чыгарбай кое алмакпыз. Ошондой фабрика болбогондон кийин концентратты үйүп алып эмне кылабыз? Азыр эч кандай даярдык жок. Анча-мынча компаниялар доре алтын куймасын чыгарганга балким кудурети жетет чыгаар, бирок ошол дорени чыгарганда деле рудадагы жоготуу аябай көп болуп жатат. Мисалы 100 килограмм концентраттан 10 килограмм алтын чыгара турган болсо, рудадан өндүргөндө 10 килограмм ордуна 7-8 эле килограмм чыгып калышы мүмкүн. Жакшы бир ыкмаларды колдонуп, чет мамлекеттерден сунуштарды издеп, жакшы фабрика салынса, концентраттан алтынды өзүбүз өндүрсөк жакшы болмок. Мисалы, "Алтынкен" ишканасында концентрат чыгат. Биз аларга башында лицензиялык келишимде жазылгандай доре алтын куймасын чыгарбайт белеңер десек, алар баштапкы келишимди казактар түзгөнүн айтышты. Ошондо ушул жагдай эске алынбай калган экен. Бул жердеги концентрат курамында жез көп экен. Жезден алтын бөлүп чыгаруу азаптуу, цианид абдан көп колдонулган иш экен. Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты алтын өндүрө баштаса, өзүбүздө иш болот, жумушчу орундар түзүлөт деп кудуңдап сүйүнүп жатканбыз. Азыр банкрот болуу алдында турса, алтынды кайдан өндүрмөк элек?".

Буга чейин негизинен Нарын жана Жалал-Абад облустарында алынган алтын рудалары жана курамында күмүш, калай, жез, коргошун сыяктуу түстүү металл кошулмалары экспорттук бажы төлөмүсүз жана салык алынбай чет өлкөлөргө ченемсиз өлчөмдө ташылып жатканы айтылып келген. Анын көзөмөлдөө демилгеси көтөрүлгөнү менен ишке ашпай жүргөн.

Ал тургай Кумтөр алтын кенин 2021-жылдын май айына чейин иштетип келген канадалык "Центерра Голд" компаниясы дагы ал жактан алтын менен кошо казылган күмүш, жез жана коргошун өңдүү баалуу, түстүү металлдан түшкөн пайданы жашырып келгени мамлекеттик комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн.


Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун пикиринде, президенттин жарлыгы чыкканда кен тармагындагы абал, эксперттердин пикири эске алынган эмес.

"Учурунда президенттин жарлыгын даярдап чыгарып жатканда бардык жагдайларды, көйгөйлөрдү карап, талдап туруп чечим чыгарылышы керек эле. Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагында руда, концентрат чыгарып жаткан ишканалар концентратты өздөрү иштеткенге даяр эмес. Май айына чейин даярдык көргөнгө жетишпейт. Ошол жарлыкты даярдап жатканда адистер менен кеңешип, пикир алмашуу болбоптур. Мисалы, "Алтынкен" ишканасы башында концентратты Кытайга алып барып алтын өндүрүп келчү. Былтыр жыл аягынан тартып Казакстанга алып барып, ошол жактан кайра иштетип алып келүү. Ал жерде мындай маселе бар: алардын концентратында күкүрт бар. Аны Кыргызстанда иштетип, алтын өндүрүү үчүн жаңы линия куруп, ага көптөгөн миллиондорду сарптап, көп убакыт коротуу керек. Мисалы, Терексайдан алынган рудалардын курамында зыяндуу мышьяк заты бар. Ал рудаларды дагы кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок".

Дүйшөнбек Камчыбеков президенттин жарлыгынан улам мамлекетке миллиондогон сом түшпөй калышы ыктымалдыгын эскертүүдө.

"Сыртка ондогон, миңдеген тонна концентрат чыгат да. Бизде жаңы кабыл алыган Салык кодексинин негизинде эгер сен руданы, концентратты сыртка алып чыгып кайра иштете турган болсоң, сөзсүз түрдө алтындын биржадагы баасына жараша жалпы кирешеден акча төлөнүшү керек. Ошол компаниялардын баары буга чейин төлөп келген. Эгер президенттин жарлыгына жараша концентрат дагы, руда дагы сыртка чыкпасын десек анда ал компаниялар руда, концентратты кайра иштетүүгө даярданууга убактысы жетпейт. Анын баары сыртка чыкпай кампаларга топтолуп калса, төлөмдөр дагы төлөнбөй калат. Ал төлөмдөр болсо республикалык бюджетке киргизилген. Бул маселе ириде ушул эки жагдай эске алынбагандыктан чыгып жатат. Негизинен чечим туура, бир канча жылдан бери бизге келген компаниялар Кумтөр өңдүү акыркы өнүмдү бизден чыгарышы керек деп айтып эле келгенбиз".

Дүйшөнбек Камчыбеков Кара-Балтадагы тоо-кен ишканасынын мүмкүнчүлүгүнө да токтолду. Анын айтымында, ишканада түрдүү курамдагы концентрат, руда иштетүү үчүн бир канча линия курулушу керек. Бул иштерге эбегейсиз каражат жумшоо зарыл. Ошондой эле экологияга байланыштуу жагдайларды да эске алууга чакырды.

"Бизден чыккан рудалардын курамы ар башка. Мисалы, "Алтынкендин" күкүртү көп концентратын иштетүү үчүн өзүнчө технологиялык линия болушу керек. Мындайча айтканда, фабриканын ичинде өзүнчө линия болушу керек. Ошол эле линияга Терексайдагы мышьягы көп руданы алып келип иштете албайбыз. Иштетебиз деген күндө да өнүмдүн көлөмү азаят, бул экономикалык жактан пайдалуу эмес, өзүн актабайт. Ошон үчүн канцентраттарды Кара-Балтада иштетебиз десек, бир эмес бир канча линия курушубуз керек. Ар бир кендин курамы ар башка. Ошол эле маалда "Алтынкендин" концентратынан чыккан күкүрттү кайда алып барабыз деген да маселе келип чыгат. Эгер бөлүп алабыз десек, күкүрттөн чыккан буу Бишкекке келсе, шаардын ансыз да кир абасы дагы булганбайбы деген маселе жаралат. Анда экологиябыз кандай болот?".

Чаткалдагы жагдай

Жалал-Абаддын Чаткал районунда кен казган айрым компаниялар буга чейин руда, концентраттарды сыртка ташып келген. Район акими Алтынбек Сеңирбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, президенттин жарлыгынан улам "Кичи Чаарат" ишканасында маселе жаралышы мүмкүн.

"Бул боюнча биз өкмөткө билдирүү бергенбиз. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Туманов менен жолугуп айтканбыз. Ал киши жакында эле "Эти Бакыр Терексайга" келип кетти. Бул жарлык боюнча өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаевге дагы айткам. Бизди кооптонуп жаткан "Кичи Чаарат" компаниясы болчу. Ал жерде 90% жез жатат, алтын дээрлик жок. Кыргызстанда жезди иштетип чыгара турган завод жок, ошон үчүн булар Кытайга же башка өлкөгө чыгарат. "Вертекс Голд" компаниясы болсо фабрикасын салып бүтүп, жакын арада ачылышын кылабыз деп жатат. Алгачкы жумушун баштады, руданы сыртка чыгарбайт. "Эти Бакыр Терексай" дагы фабрикасын куруп бүтүп, иштетип жатат, ал жерден дагы концентрат чыкпайт, маселе жок. Мындан бир гана "Кичи Чаарат" компаниясында маселе бар болчу. Бул тууралуу алар бизге билдирүү берген, биз ал билдирүүнү тиешелүү жактарга жөнөттүк".


Быйыл жыл башында "Эти Бакыр Терексайга" байланыштуу маселе чыккан жана түрк инвестору үлүшүн Кыргызстанга берип, долбоордон чыгып кетери айтылган. Буга өкмөттүн алтын кошулмасын тышка ташууга тыюу салганы, жаңы салык режими, алтын корунун аздыгы жана алтын чайкоодогу өндүрүштүк кемчиликтер себеп болуп жатканы белгиленген.

Өткөн айда парламентте ошол кездеги экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кен компаниясы тууралуу маалымат берген.

Анда "Эти Бакыр Терексай" кыргыз бийлигине 317 миллион долларлык доо койгонун, ушунча суммадагы акчаны кайтарып берүүнү талап кылганын билдирген.

"Бул сумма алардын чыгашасы. Бирок биз мекемелер аралык комиссия түзүп, алар кенге барып келген. Сумма кыйла азайтылган. Кыскача айтканда, мунаса табылды. Биринчи тапшырма - инвесторду кетирбөө болчу. Алар кетпейт, ишти улантат. Биздин максатыбыз инвестициялык климатты, имиджди бузбоо үчүн аларды калтыруу болчу", - деген Кутманова.

"Эти Бакыр Терексай" соңку жагдай тууралуу расмий комментарий бере элек. Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар бул компанияга экологияга байланыштуу нааразы болуп, бир канча жолу акция өткөргөн жана бийликке кайрылып келген.

"Эти Бакыр Терексай" Юстиция министрлигинен 2015-жылы каттоодон өткөн. Анын 75% үлүшү түркиялык "Эти Бакыр", калган 25% "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасына таандык.

Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 млн. доллар төлөгөн.

Лицензияларды кармоо, кайтаруу түйшүгү

Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну кенге берилген лицензияларды кармап турган үчүн төлөнчү төлөмдөр тууралуу дагы камтамачылык билдирген.

Анда буга байланыштуу айрым кен казган компанияларда маселе жаралганы айтылган.

Былтыр сентябрда өкмөт "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү" токтомун кабыл алган жана ал октябрдан тарта күчүнө кирген.

Документке ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн ири суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.

Өкмөттүн эсебинде кендин баалуулугуна жараша 10 эседен 5 миң эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйгөн. Чаткалдын акими Алтынбек Сеңирбаев бул чечимдин пайдасына токтолду, ошол эле маалда кээ бир компаниялардын өкүлдөрү анын кесепетин да айтып жатканын билдирди.

"Өкмөттүн токтому чыкканга чейин лицензияны алып-сатуу бизнеске айланып кеткен экен. Мисалы, Чаткалда 152 лицензия берилген деп катталган. Өкмөт токтомунан кийин 30дан ашык лицензия өкмөткө кайтарылды. Азыр эми мартта жумуш башталган чейин лицензияны кармап турган үчүн төлөмдөрдү эрте төгүшсүн дешти. Бул бизге пайдалуу болуп жатат. Айрыкча дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнө аябай эле пайдалуу болуп жатат. Мисалы, Чаткал айыл өкмөтүнө лицензияны кармап тургандар 8 миллион сом төгүштү. Бул айылдын дотациядан чыгышына чоң түрткү берип жатат. Салык да көбөйүп калды. Иштегендер иштеп, иштебегендер лицензияны бериши керек. Мисалы, буга чейин лицензияны кармап турган үчүн ашып кетсе 50-100 миң сом төлөп коюп иштетпей келгендер болгон. Баасы чыкса аны сатып, бизнеске айланган. Азыр болсо төлөм 5-10 миллион сомго чыкты. Ошон үчүн иштетет же лицензияны кайра өкмөткө өткөрүп берет. Бирок бул токтомдун оң жана терс жагы да бар. Буга чейин четинен иш алып барып, чалгындап жаткан ишканалардын айтымында, аларга оорчулук келип жатат. Мисалы, 100 гектар жердин 50 гектарын иштетип, калганын чалгындап жатса, аларга лицензияны кармап турганы үчүн төлөм төгүү оорчулук жаратат. Районго салыгын төлөп иштеп жаткан компаниялардын айрымдары лицензия алганда чоң көлөмдөгү жерди алган. Бирок алар учурда чакан аянтта эле иштеп жатат. Ошолорго бир аз кыйын болууда".

Былтыр ноябрда курултайда Садыр Жапаров кен тармагында 150гө чукул лицензия мамлекетке кайра өткөрүлгөнүн кабарлаган.

"Чет өлкөлүктөргө 300 сомдон сатылган лицензиялар тууралуу айтылды. Бул нерсе бизге чейин болгон. Биз келгенден баштап эки жыл ичинде алтын кендери боюнча 148 лицензияны кайтарып алдык. Буларды эми кудай буюрса толугу менен, 100% өзүбүз иштетебиз. Же болбосо бирөөгө, инвесторго берсек 30% кем эмес таза киреше мамлекетте калат. Ушундай жоопкерчилик менен беребиз. Мындан ары лицензиялар сатылбайт", - деген президент.

Андан көп өтпөй, декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүздөй лицензияны мамлекет өзүнө кайтарып алганын маалымдаган. Өкмөт башчы кен казууга берилген лицензия үчүн жыйымдардын көтөрүлүшү менен 2021-жылы 244 миллион, былтыр он айда 530 миллиондой сом түшкөнүн билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.


Садыр Жапаров 2021-жылдын башында ант кармап, кызматка жаңы киришкенде чыгарган беш жарлыгынын бири тоо-кен тармагына тиешелүү болгон. "Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" деп аталган документте бир катар чукул иш-чаралар каралган. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү жоболор жазылган.

Эң негизгиси, 2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу. Былтыр жыл аягында "Азаттык" президенттин басма сөз кызматына бул кодексти даярдоо эмнеге кечеңдеп жатканын сурап кайрылган. Документти даярдоо уланып жатканы, бул процесс бир убакытты талап кылары тууралуу кыска жооп алды. Дегеле президенттин тоо-кен тармагы тууралуу жарлыгынын аткарылышына байланыштуу маалымат берилген эмес.

Президенттин бул жарлыгынын негизинде былтыр "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги түзлгөн. Компания кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Өткөн айда өкмөт “Улуу көчмөндөр мурасын” жоюу тууралуу чечим кабыл алды жана компаниянын "мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес" деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG