Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:10

"Атайылап өлтүргөн жокмун". Бишимбаевдин акыркы актануу аракети


Куандык Бишимбаев сотто
Куандык Бишимбаев сотто

6-майда аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев сотто акыркы сөзүн айтты. Ал сот арачыларына кайрылып аны мурдагы аткаминер эмес, карапайым адам катары соттоого чакырды.

Бишимбаев менен кошо "кылмышты жашырууга " айыпталып жаткан анын жакын тууганы Бакыт Байжанов да сотто соңку сөзүн айтты.

Жарандык никедеги аялы Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу соттолуп жаткан Куандык Бишимбаев сот арачыларын адилеттүү болууга чакырды.

"Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн" деген айып тагылган экс-экономика министри акыркы сөзүн кагаздан окуду.

“Менин иш-аракетим сүйүктүү адамымдын ажалына, анын ата-энесинин кайгысына себеп болду”, - деди Бишимбаев.

Ал “жубайын өлтүрүүнү ниет кылбаганын, өз аракети мындай аяктайт деп ойлобогонун” кошумчалады. Соттолуучу кылган ишине өкүнөрүн айтып, бул окуядан жабыркагандардын баарынан кечирим сурады.

“Эч кимге эч качан ажал тилеген эмесмин жана тилебейм дагы. Ага ишенем. Ошол кечте эч качан, эч бир саатта жубайыма өлүм тилеген жокмун. Аягы мындай аяктайт деп ойлогон жокмун”, - деди Бишимбаев.

Ал ошондой эле "айыптуумун, бирок атайылап өлтүргөн жокмун" деди.

Бишимбаев камалган сааттан баштап чындыкты жашырбаганын, жоопкерчиликтен качып кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр болсо да андай кылбаганын кошумчалады.

Камалгандан кийин ага “өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренеси менен негизсиз айып тагылганын, муну тастыктай турган эксперттик бүтүм болбогонун айтты.

Мурдагы министрдин айтымында, прокуратура иликтөө ишин социалдык тармактардын жана маалымат каражаттарынын басымы алдында жүргүзгөн.

2023-жылы 9-ноябрда Астанадагы BAU ресторанына тез жардам чакырылган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жаш келин каза болгонун билдирген. Анын бети жана денеси канга боёлгон эле. Милиция кызматкерлери маркумдун жарандык күйөөсү Куандык Бишимбаевди кармашкан. Ошондон бери абакта отурат.

Кийинчерээк көзөмөл камерасына тартылган видеодон Бишимбаевдердин үй-бүлөсү иштеткен ресторанда жубайлар ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын ур-токмокко алганы көрүнөт.

Тергөө учурунда калыбына келтирилген видеодо (тасма каргашалуу окуядан кийин Бишимбаевдин буйругу менен өчүрүлгөн) күйөөсү аялды бетке муштап, жерге жыгылгандан кийин тепкилегенин көрүүгө болот.

Мурдагы министр сот арачыларын социалдык тармактардагы пропагандага жетеленбөөгө чакырды. Ал ошондой эле Салтанаттын өлүмүнө катыштыгы бардыгын, анын өлүмү үчүн күнөөлүү экенин жана бул үчүн жоопкерчиликти өз моюну менен тартууга даяр экенин билдирди.

"Анын ден соолугуна оор жараат келтиргениме күнөөлүүмүн. Анын өлүмү бөөдө кырсык болду. Мен күнөөлүү эмесмин, атайылап өлтүргөн жокмун”, - деп Бишимбаев улам кайталап жатты.

Ал сот арачыларын "эч нерсеге көңүл бурбай, адилеттүүлүк, адамгерчилик көрсөтүп, чечим кабыл алууда жек көрүүчүлүк менен капачылыктын куралына айланбоого" чакырды.

Тергөөнүн версиясында, күйөөсү Салтанат Нукенованы өлөрдүн алдында бир ай кыйнаган, бирок Бишимбаев аялынын психикалык саламаттыгына анын өзүн күнөөлөп, аялы спирт ичимдиктерин көп ичкенин, кызганчаактыгын, тынчтык бербегенин айтып, айыбын моюнуна алган эмес. Мындан тышкары, ал Салтанаттын мурда башка эркектер менен болгон мамилеси тууралуу ачык айтып берүүнү туура көрдү.

"Кылмышты жашырып жатканымды билген эмесмин"

6-майдагы сотто өзүнүн акыркы сөзүн дагы бир айыпталуучу Бахытжан Байжанов сүйлөдү. Ал "кылмышты жашырган" деп айыпталууда. Байжанов кылмыш болгон күнү тартылган видеолорду камерадан өчүрүүгө буйрук бергенин, ресторандын кызматкерлерин кетирип, Салтанаттын телефонун шаарга таштап келгенин ырастады. Байжанов ал маалда оор кылмыш тууралуу билбегенин кошумчалады.

“Билген жокмун. Касам ичүүгө даярмын. Эгер билсем, антмек эмесмин. Бул аракеттерим кылмышты жашырууга аракет деп кабыл алынары оюма келген эмес", - деди Байжанов.

Айыптоо корутундусунда "Байжанов кылмыш ачыларын билип туруп, далилдерди жок кылууга аракет көргөн. Ресторанды жаап, кызматкерлерин кетирип, камералардагы видеолорду өчүрүп, Нукенованын телефонун башка жакка алып барып, аялдын кийимдерин бир нече жолу алып келген” деп жазылган.

Судья кийинки отурумду 10-майга белгилеп, сот процессине тыныгуу жарыялады.

Эгер сот Бишимбаевди күнөөлүү деп тапса, ал аз дегенде жыйырма жылга, болбосо өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жактоочулардын талабы менен 27-мартта башталган отурумда анын тагдырын сот арачылары чечет. Сот жараяны тикелей эфирде көрсөтүлүп, миллиондогон адамдар күбө болушту.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Прокурор мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаганын билдирген. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган.

Сот процесси Казакстандын Жогорку сотунун Ютубдагы сайтында алгачкы жолу түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG